Кызыл-Кыядагы «Айбек» базарынын өрт коопсуздугу талапка жооп береби?

Сентябрь айынын башында «Айбек»  базарда өрт чыгып, 21 соода түйүнү күйгөн. Адистердин айтымында жалпы чыгым 137млн.сомду түздү. Базардын өрт коопсуздугу талапка жооп бербегендигин Экологиялык инспекция айтып чыкты. Соодагерлер күйүп кеткен товарларды ким төлөп берерин билбей башы катууда.Базардын жетекчиси күйгөн дүкөндөрдүн ремонтуна гана жардам берерин белгиледи.

Заитова Салкынай ушул базарда 7 жылдан бери соода кылат. Ошончо жылдан бери тапкан каражаты 1 күндө күйүп кеткенин айтып даттанды:

Сатуучу  Заитова Салкынай
Сатуучу Заитова Салкынай

«Негизи бул базардын ичи баш аламан.  Жолдор өтө тар. Өрт өчүрүүчү машина тургай, жөө басып жүргөн эл, базардын ичинде кысылып түртүшүп араӊ өтүшөт. Суу крандары жок. Менин оюмча ар бир базарда өрткө каршы запаста суу, кум, химиялык заттар болуш керек. Бирок тилеке каршы ал нерселер бул базарда жокко эсе. Өрт өчүрүүчү машина кире турган жол, базардын администрациясы тарабынан сатылып кеткен»-дейт сатуучу.

Бирок «Айбек» базардын жетекчиси Бахтияр Таштемир уулу бул айыптоолорду такыр четке какты.

Базар жетекчи Бахтияр Таштемир уулу
Базар жетекчи Бахтияр Таштемир уулу

«Базардын  өрт коопсуздугу талапка жооп берет, бүт шарттар түзүлгөн.Базар боюнча 5-6 суу крандар орнотулган.Соода түйүндөр өрт өчүрүүчү балондор менен камсыз болгон.Суу сактагычта, ар дайым запаста суу сактап турабыз. Өрткө каршы кум бар .Электр щиттер коюлган. Өрттү алдын алуу сигнализациялар бар.Бирок машина кире турган жол бир аз тарыраак болчу.Азыркы күндө жолдорду тазаладык,бошоттук.Ушул «Айбек» базарында иштеген бүт сатуучуларды топтоп,өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурабыз. Биз өрт өчүрүүчү кызмат менен чогуу иш алып барууну туура көрдүк.Күзөттө иштеген балдардан ыктыярдуу топ түзүп,аларды өрт өчүрүүчүлөргө окууга жөнөтүп ушул багытта тажрыйба алышат.  Жабыркагандарга колдон келишинче жардам беребиз»-дейт жетекчи.

Сатуучу Улан Бөрүбеков
Сатуучу Улан Бөрүбеков

Бул жердеги соодагерлердин бири , Улан Бөрүбеков   кошунасы килемдин жанында пахта май сатпаганда балким от ушунчалык деӊгээлде күйбөйт беле деген ойду айтууда.

«Негизи кээ бир сатуучулар өздөрү да өрт коопсуздугун сактабайт.Менин кошунам килем,анын жанында пахта май да сатчу, негизи талап боюнча,бул 2 товарды бир жерде сатууга мүмкүн эмес.Базардын башкармалыгы, санэпидемстанция эмне үчүн текшербейт мен түшүнбөйм.   Ошол күнү менин да дүкөнүм күйүп кетти. Жалпы чыгым 500-600миӊ сомду түзөт.  Өрт өчүрүүчү машина келип базардын ичине кире албай 40минут сыртта туруп калды.Себеби жол жабык болчу.Базарком «Күйүп кеткен товарды төлөп бере албайбыз. Дүкөндүн ремонтуна гана жардам беребиз.Азырынча ремонтту өзүӊөр баштай бергиле»- деп айтты.

Бул боюнча базар жетекчиси төмөндөгүлөрдү айтты:

«Килем саткан сатуучуга биз бир нече жолу эскертме бергенбиз.Ал ушул пахта майды сатып бүтсөм башка алып келбейм деген болчу.Күйүп кеткен товарлар боюнча айтып өтсөм,базардын администрациясы аны төлөп бере албайт.Күйгөн дүкөндөрдүн ремонтуна гана колдон келген жардам көргөзөбүз. Жабыркаган сатуучуларды,  жыйын төлөөдөн бошоттук.Базар ичинде марафон уюштурабыз,чоӊ жашик орнотулат,топтолгон каражат зыян тарткан сатуучуларга берилет»-дейт ал.

Өрттүн келип чыгышы

Байкоочулардын айтымында өрттүн келип чыгышына 2 версия бар. Биринчиси касапчы Каландаров Акмат ушул айдын башында ширеткич Шамшидинов Равшанбекти, дүкөнүмдү ширеп бер деп чакырган. Бирок ширеткич   өрт коопсуздугун сактабагандыктан,ширетмеден учкун чачырап, жанындагы килемдер, пахта май күйүп, от алоолоп башка дүкөндөрдү да каптап кеткен. Экинчи версия  килем саткан сатуучунун дүкөнүнүн ичиндеги жылыткычты  өчүрбөй кетип калгандыгында.

Өрт кызматынын жетекчиси Мухаммед Мадамиев
Өрт кызматынын жетекчиси Мухаммед Мадамиев

Кызыл-Кыя шаардык өрт  коопсуздук мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы ага лейтенант  Мухаммед Мадамиев «Айбек» базардын өрт коопсуздугу талапка жооп бербегендигин  айтууда.

«Айбек базарынын өрт коопсуздугу 50% га талапка жооп бербейт.Курулуш норма боюнча дагы дэӊгээли төмөн. Базардын көркү бузулган. Электр-энергия  монтажы  туура эмес.Суу сактагычтар өрттү алдын алуу сигнализациясы, гидранттар суу крандар , өрт өчүргүч банкалар жок. Электр щит менен толук камсыз болгон эмес. Жалпы чыгым 137 млн.сомду түзгөн.Талап боюнча сатуучулар да өрт коопсуздугун сакташ керек.Тамеки тартууда, таштандыларды күйгүзүүдө. Электр приборлорун иштетүүдө.

Өрттүн өзөгү килем менен май болгон. Килем синтетика болгондуктан май менен аралашып от күчөгөн. Ал эми өрт коопсуздугун сактабаган ширеткич   укук коргоо органдарына сурак берип, кылмыш иши козголуп жакында сотко берилет»-дейт ал.

Бул маселе боюнча клооп.кж экспертке суроо менен кайрылды.

Асан Эгемкулов.
Асан Эгемкулов.

Экологиялык инспекциясынын аймактык  башкарманын жетекчилигинин орун басары  Асан Эгемкулов.

Клооп.кж:

-Негизи бул базарды буга чейин  мекемеӊиз текшерди беле?

Асан Эгемкулов:

-Биздин кызматкерлердин текшерүүсүнүн негизинде, базардын өрт коопсуздугу талапка жооп бербейт.10 пункттан турган эскертүү берилди. 2012жылы 2 жолу эскертүү бергенбиз.2013 жылдын эсебинен 1 жолу эскертүү алган.

Клооп.кж:

-Сиздердин эскертүүӊуздөрдөн кийин кандай өзгөрүү болду?

Асан Эгемкулов:

-Бирок тилеке каршы эч кандай өзгөрүү болбогондугуна байланыштуу быйыл базардын жетекчисине административдик жаза колдонулат.

Клооп.кж:

-«Айбек» базардын өрт коопсуздугун калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу зарыл?

Асан Эгемкулов:

-Базардын ортосундагы жолдорду ачып, өрт өчүрүүчү машина киргенге шарт түзүү зарыл.Дарбазаларды кеӊейтип  ,электр зымдарын жаӊылап,өрт коопсуздугуна керектүү буюм-тайымдар дайым болуш керек. Суу кампаларды көбөйтүп,ар бир соода түйүндө өрт өчүрүүчү балондор болууга тийиш. Гидранттарды орнотуш керек.Ар бир дүкөн тактайдан жасалган курулуштар атайын химикаттар менен сүртүлүш керек,1 жылда 1 жолу. Базарда өрт өчүрүүчү ыктыярчылардын тобу уюштурулуп,алар атайын окуудан өтүүгө тийиш.

Клооп.кж сайты Кызыл-Кыяда жайгашкан Айбек базарындагы өрт коопсуздук боюнча карапайым жашоочулардын да ойлорун  угуп көрдү.

Тургунай Өмүралиева, 50 жашта, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну:

-Айбек базарын иретке келтирүү зарыл. Тамак-аш саткан жерде самын , ичеге- карын , сатылбоого тийиш.Базардын ичиндеги жолдорду кеӊейтсе жакшы болмок.  Прилавкалар жолдун ортосуна чейин чыгып алышкан.өрт өчүрүүчү машина кире албайт, жол жок. өрт өчүрүүчүлөр келгенде 30минут базарга кире албай туруп калышты.Ал убакыттын ичинде соода түйүндөр күйүп кетти.Ушул базарды бир иретке келтирип коюшса жакшы болмок.

Дүйшеева Азбү, 53 жашта, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну:

-Жуучу каражаттарды бөлөк жерге,тамак-аш азыктарын бир жерге жайгаштыруу зарыл.Жолду кеӊейтиш керек.Ар бир соода түйүндө өрт өчүрүүчү балондор болуш керек.Базардын өзүндө ар дайым суунун запасы болууга тийиш.өрт коопсуздугун сакташ керек.Тамеки тартууда,таштандыны күйгүзүүдө,электр приборлорун иштетүүдө.

Абдраимов Дурус, 35 жашта, Караван айылынын жашоочусу:

-Ар бир базардын өзүнүн өрт өчүрүүчү машинасы болсо жакшы болмок.Бассейн болууга тийиш.Ар бир 20метрде водопровод болуш керек.Элге өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Алиярова Айнура, 42 жашта, шаардын тургуну:

-Өрт өчүрүүчү машина кире турган жол сатылып кеткен.Ошонун баарын текшериш керек.Ашыкча дүкөндөрдү, жолдон алууга тийиш.Базарда ар дайым суу,кум,өрт өчүрүүчү заттар болууга тийиш. Ар бир базарда өрт өчүрүүчү группа, же ыктыярчылар болсо жакшы болмок.

Боронова Минура, 38 жашта, үй кожейкеси:

-Суу сактагычтар болуш керек.өрттү алдын алуу сигнализациялар суу крандары электр щит менен толук камсыз болууга тийиш.Элге, өрт болгон учурда эмне кылыш керек, өзүн кантип алып жүрүш керек ушул багытта түшүндүрүү иштерин  уюштуруш керек.

Азыркы убакта базардын абалы жакшы, жолдор ачылган.өрт өчүрүүчү машина киргенге толугу менен шарт түзүлдү.Сатуучуларга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштер болуп өттү. Жуучу каражаттар өзүнчө,тамак-аш товарлар өзүнчө сатылып жатат –дейт байкоочу Марат Акимов.

Автор: Элиза Таштанова

Сүрөттөр автордуку.

Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.