Ош шаарынын бийлиги түштүк борбордун акыркы он жыл ичиндеги эң чоң долбоорунун үстүнөн иштеп баштады — 24-сентябрга караган түнү шаардын күндөлүк унаа тыгынынан кутулуусуна жардам бере турган борбордук базардын үстү аркылуу өтчү асма көпүрөнүн курулушу башталды.
Асма көпүрө Навои көчөсүнүн үстүнөн экинчи деңгээли катары өтүп, шаардын борбордук эки — Ленин жана Масалиев проспектилерин түздөн-түз бириктирет.
Бул көпүрө чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи шаарды Навои көчөсүн бойлой жайгашкан борбордук базардын жанындагы күнүмдүк унаа тыгынынан куткарууга жардам берет.
Асма көпүрөнүн узундугу 450 метрди түзөт. Бийликтегилер ал көпүрө аркылуу айдоочулар эч токтобостон өтө алышат деген ойдо.
Көпүрөнүн курулушуна Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен 500 миллион сом бөлгөн.
Өз билдирүүсүндө түштүк борбордун басма сөз кызматы көпүрөнүн курулушуна гранттык каражаттын тартылбагандыгын баса белгилеген.
«Акыркы он жылдан бери мамлекет өз каражатына эч нерсе курган эмес, бардыгы гранттардын эсебинен болчу. Бул долбоор бюджеттик каражаттын эсебинен ишке ашып жатат. Бул Ош шаары үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү долбоор», — деп билдирди Ош мэриясынын басма сөз кызматы.
Күн сайын унаа тыгыны
Мындай долбоорлордун зарылчылыгы Ошто унаалардын саны кескин көбөйгөн шартта өзгөчө сезилет.
Борбордук базарды бойлой өткөн шаардын негизги транспорттук артериясы болуп эсептелген Навои көчөсүндө күн сайын узак тыгындар болуп келет.
Ош гуманитардык педагогикалык институтунун 2-курсунун студенти Айтурган андагы тыгындардын узактыгынан улам сабактарга көп эле кечигип бараарын айтат.
«Навои көчөсүнөн чыгыш үчүн эле отуз мүнөттөй турабыз. Эгер жолду жээктей башаламан жайгашкан сатуучулар жок болсо унаа тыгыны да болбойт болчу», — деп ишенет ал.
Ош шаарынын тургуну Максат Абдубалиев да жумушка кечигип баруусуна Навои көчөсүндөгү тыгынды күнөөлөйт.
«Бул жерде көчөгө отуруп алып эле соода кылышат. Такси айдоочулары унааларын токтотуп койгону аз келгенсип, араба түрткөндөр да ошол жактан өтүшөт. Мындан улам биз жумушка 30-40 мүнөткө кечигип барабыз», — дейт ал.
Өз кезегинде Навои көчөсүн бойлой соода кылгандар өздөрүн көйгөйдүн себеби деп эсептешпейт. Алардын бири — Эльмира Пирназарова — баарына автовокзалдын жакындыгы себепкер экенин айтат.
«Эгер бизди башка жакка которуш керек деп айтып жатышса, анда соода кылууга ыңгайлуу, туура келе тургандай орун даярдап беришсин», — деп талап кылды ал.
Такси айдоочусу Тынычбек Курбанбеков Ошто көчөлөр өтө эле тар экенин айтып, буга алардын күнөөсү жок экенин кошумчалады.
«Биз дагы, сатуучулар дагы үй-бүлөбүздү багып жатабыз», — деп түшүндүрдү ал.
Базарды көчүрүү
Оштун бийлиги борбордук базардын жанындагы башаламан соода-сатык жана унаа тыгыны көйгөйлөрүн чечээрин айтып, биринчи жолу убада бербей эле. Өткөн жылдары мэрия андагы сатуучуларды шаардын четине көчүрө тургандыктарын билдирген болчу.
Шаар бийлиги бул пландарынан бүгүн деле баш тарта элек.
«Биз базардын бир бөлүгүн шаар четине көчүргөнү жатабыз. План боюнча, ар бир кичи райондо өзүнүн анча чоң эмес базары болуш керек», — деди Ош мэриясынын шаар жолдору башкармалыгынын техникалык-өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Улук Жаныбеков.
«Эгер чоң базарды экиге бөлсөк кыйналбайбыз. Мисалы, Курманжан Датка кичи районунун жашоочулары борбордук базарга келбей калышат, баарын өздөрүнөн сатып алышат. Навоидеги кыймыл да азаят», — деп улантты ал.
Бирок эреже катары мындай идеялар базардын сатуучуларынын нааразычылыгын жаратат жана мэрия бүгүнкү күнгө чейин ал идеяларын ишке ашырууга күчү жетпей келет.
Ошондуктан өткөн жылдан баштап Ош мэриясы альтернативалык идея катары асма көпүрөнүн долбоорун иштеп чыгууну баштаган.
Көпүрөнүн курулушу жөнүндө мэр Мелис Мырзакматов 2013-жылдын башында эле билдирген.
Ошондон бери курулуш иштери баштала элек болчу, бирок мэриядан иштин башталышынын кечеңдешин документациялардын үстүнөн бюрократиялык иштердин өткөрүлүшү менен түшүндүрүүдө.
Мэриянын эң оптимисттик божомолдору боюнча, курулуш иштеринин аякташына бир жарым же эки жыл убакыт калды.
Негизги сүрөттө: авторлордун планы боюнча асма көпүрө ушундай болушу керек.
Авторлор: Бектур Искендер жана Сулайман Эралиев