25-сентябрь күнү Бишкектин батыш бөлүгүндөгү жарылуудан улам «Антонов» аттуу жеке ишкананын эки кызматкери каза болду. Милициянын болжолдуу маалыматы боюнча, жарылуу кол гранатасынын активдешүүсүнөн улам болгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Олжобай Казыбаев Kloop.kgге берген маегинде жарылуу жеке ишкананын кызматкерлеринин ортосундагы чырлашуудан кийин болгон.
Милициянын версиясы боюнча, кызматкерлердин бири — эмерек капмасынын устасы Виталий Пригожин — буга чейин урушуп кеткен башкы бухгалтер Виктория Щетининанын иш бөлмөсүнө граната салынган баштыкты алып келген.
«Пригожин деген ишкананын устасы кирет да ала келген баштыгын үстөлдүн үстүнө коет. Ал жакта дагы бир аял бар болгон. Пригожин бухгалтер менен сөздөрү бар экенин айтып ал аялдын чыгып туруусун өтүнөт. Анан ал чыккандан кийин эле бөлмөдө жарылуу болгон», — деди басма сөз кызматтын тескөөчүсү Kloop.kgге берген маегинде.
Жарылуудан улам Щетинина менен эмерек капмасынын устасы Пригожин каза болушкан.
Казыбаевдин айтымында, бөлмөдөн чыгарылган аял анча оор эмес жарааттарды алып, аны тез жардам унаасы менен реанимацияга алып кетишкен.
ШИИБинин маалыматы боюнча, капманын имараты жапаа чеккен эмес.
«Ал жумушчу бөлмө болгон, анда үстөлдөр, отургучтар, эшиги жана терезелери сынган», — деди Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде.
Учурда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарылуу болгон жерди кароо иштери жүрүп жатат.
Авторлор: Мария Гребнева жана Нурмухаммед Атамбаев