16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилиги: Кыргызстан 3-3 Оман

Футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы Оман футболчулары менен беттешишип, Азия биринчилигине тандап алуу оюндарын 3:3 эсебинде тең чыгуу менен баштады.

Беттеш Кыргызстандын футболчулары үчүн анча деле жакшы башталган жок — 10-мүнөттө эле Язод Аль-Сияби сол тараптан чыгарылып берилген топко ээ болуп, кыргыз дарбазачысы Тимур Веселов менен бетме-бет чыккан соң дарбазанын төмөнкү оң бурчуна таамай тээп оюн эсебин ачты.

Бирок өз тобунда аутсайдер эсептелген Кыргызстан курамасы өзүнө келип, биринчи жарым бөлүктүн аягында демилгени колго ала алды.

Омандын дарбазасын көздөй багытталган бир нече жолку ийгиликсиз чабуулдардан кийин Алмаз Ибраимов беттештин 31-мүнөтүндө айып соккусун мыкты аткарды.

Анын айып аянтчасынын сол капталынан узаткан соккусу так дарбазанын жогорку бурчуна тийип омандык дарбазачысы Аммар Аль-Рушеидиге эч кандай мүмкүнчүлүк калтырган жок.

Дагы төрт мүнөттөн кийин чабуулчу Эрнист Батырканов чыгарылып берилген топту башы менен дарбазага таамай туштап Кыргызстан курамасын алдыга чыгарды.

Тыныгуудан кийин Оман кыргыз футболчуларынын бир нече жолку курч чабуулдарын токтотуп, чабуулун күчөтүп алдыны көздөй умтулду.

Бул аракеттери беттештин акыркы 15 мүнөттүгүндө жыйынтык берди — 74-мүнөттө алмашууга чыккан Бадар Аль-Джабри оң каптал менен дээрлик Кыргызстан курамасынын дарбазасына чейин чуркап барып, Веселов топту алууга аракет кылган учурда арт жакта чуркап келе жаткан Салаа Аль-Яхъяеиге чыгарып берди. Ал өз кезегинде акырын, бирок таамай соккусу менен топту дарбазанын сол жак бурчуна узатты.

Эки мүнөттөн кийин эле Аль-Яхъяеи өз командасын алдыга чыгарууга жетишти — ал талаа ортосунан чыгарылган топко бир тийүүсү менен эле аны Веселовдун башынан ашыра өткөрүп дарбазаны багындырды.

Күчтүрөөк Оман курамасына беттеште жеңишке жетүүгө эч нерсе тоскоолдук кылбай тургандай сезилген, бирок кыргыз футбочулары оюндун аягында бир нече жолу жакшы чабуулдарды уюштурууга күч таба алышты.

Беттештин 89-мүнөтүндө команда капитаны Айдар Мамбеталиев Батыркановдун каршылашынын айып аянтчасына чыгарып берген тобун алып, таамай соккусу менен оюн эсебин теңей алды.

Бул футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигине тандап алуунун F тобундагы алгачкы оюну болду.

Жалпысынан топто үч курама ойнойт, топтун баардык беттештери Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо (мурунку «Спартак» стадиону) өтөт.

25-сентябрга карта F тобундагы абал:

  1. 1.-2. Кыргызстан, 1 упай, 3-3
  2. 1.-2. Оман, 1 упай, 3-3
  3. 3. Катар, 0 упай, 0-0

Кыргызстан 27-сентябрда Катар курамасына каршы ойнойт, ал эми 29-сентябрда Катар Оман курама командалары беттешишет.

Топтун жеңүүчүсү автоматтык түрдө 2014-жылкы Азия биринчилигине өтөт. Ошондой эле топто экинчи орун алган 10 кураманын мыкты беши да континенталдуу мелдешке катыша алышат.

Авторлор: Бектур Искендер, Тилек Бейшеналиев жана Шерзод Бабакулов