Билим берүү министрлиги сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерге тыюу салат

Билим берүү министрлиги сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелердин чыгарылышына жана таркатылышына тыюу салууга даярданып жатат. Муфтият менен Орус православ чиркөөсү аларды «бузуку» деп табышты, бирок колдонмонун авторлору бул пикир менен макул эмес.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан «Репродуктивдүү саламаттык альянсы» чыгарып жаткан сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерге тыюу салууга даярданып жаткандыктарын билдиришти.

Басма сөз кызматтын өкүлү мындай чечим Альянс сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү колдонмолорун «мыйзамсыз» чыгарып жаткандыктан кабыл алынганын айтып түшүндүрдү.

«Аларга басып чыгарууга эч ким уруксат берген эмес. Ал китепчелер пираттык болуп калууда», — деди билим берүү министрлигинин кызматкери.

Анын айтымында, Альянс китепчелерди басып чыгаруу үчүн Кыргыз билим берүү академиясы менен Билим берүү министрлигинен уруксат алышы керек болчу.

Китепчелердин авторлорунун бири, Альянстын директору Галина Чиркина китепчелери окуу китеби болбогондуктан аларды басып чыгарууга эч кандай деле уруксаттын кереги жок болчу деп эсептейт.

Чиркина китепчелер 2004-жылдан бери чыгарылып баштагандыгын жана анда ал Билим берүү министрлигине жагып, Кыргыз билим берүү академиясынан рецензия алгандыгын айтты.

«Бузукулук» эмес, а ден соолукту коргоо

Эки күн мурун, 23-сентябрда бир нече диний жана саясий уюмдар Альянстын китепчелери мектеп окуучуларынын арасындагы никесиз жыныстык катнашты пропагандалап жатат деп, алардын таратылышына тыюу салуу чакырыктарын айтышкан болчу.

«Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун башчысы Кадыр Маликов «Репродуктивдүү саламаттык альянсы» тарабынан чыгарылган сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелер «коомдун диний жана моралдык принциптерине» карама-каршы келет деп эсептейт.

Маликов Kloop.kgге берген маегинде муфтият менен Орус православ чиркөөсү китепчелерди «бузуку» деп тапкандыктарын билдирген.

«Жаштардын арасында жыныстык катнаштын ар кайсы түрлөрү менен бойдон алдыруу жолдорунун оңой эле жеткиликтүүлүгүн пропагандалоо – улуттун генофондун бузуу, салттуу үй-бүлөнүн тирөөсүн кыйратуу жана деградация кылуу максаттарына ээ», — деп жазган ал өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Чиркина болсо китепчелерде секске болгон чакырыктар жок экенин айтып, анда жөн гана ден соолукту коргоо ыкмалары, жолдору тууралуу айтылаарын билдирип жатат.

«Өгөй аталары же агалары тараптан зордукталып, боюна бүтүп калган жаш кыздар эмне кылаарын билбей мага келгенде ал Кадыр Маликов каякта эле? Качан гонореяны бензин менен дарылаган балдар келгенде каякта эле?» — деп суроо салууда «Альянстын» жетекчиси.

Автор: Александра Ли