Ошто студенттер бош убактыларын кантип өткөрүшөт?

Ош шаарында 10дон ашык жогорку жана орто окуу жайларында 60 миңдей студент билим алат. Алардын айрымдары бош убактыларын максатсыз пайдаланарын белгилейт бейөкмөтчүлөр. Бош жүргөн студенттер муну капчыгынын жукалыгы жана маалымат жетишсиздиги  менен түшүндүрөт. Ата-энелер болсо, мында студенттердин жалкоолугун белгилейт.

ОшМУнун 2-курсунун студенти Наргиза Зайдинова окуудан сырткары бош убактысын пландаган эмес. Ал өзүнө жаккан нерсе менен алектенүү үчүн каражат керек деп эсептейт.

Наргиза Зайдинова
Наргиза Зайдинова

«Окуудан сырткары бошмун. Негизи билимимди терендетиш үчүн курстарга баргым келет. Бирок келишимдик негизде окугандыгыма байланыштуу менде акча каражаты тартыш. Батирге да төлөйм. Студенттерди колдоо уюмдарын билбейм, маалыматым жок. Бизде мотивация жок кызыктыра турган. Маалымат аз, анан эмнеге кызыгабыз?»,- деди Наргиза.

Азыркы учурда убактысын текке кетирген студенттерге ОшМУнун социалдык университетинин студенти, активист Илгизбек Шамырзаев каршы пикирин билдирет.

Илгизбек Шамырзаев
Илгизбек Шамырзаев

«Чынында көп студенттер сабактан сырткары эмне кылышын билбей жүрүшөт. Аларда кызыгуу жок. Китептерди көп окуп, унивеситеттердеги иш-чараларга, семинарларга, курстарга катышса болмок. Мен мисалы, каражат кетирбей эле алдыга койгон максатым аркылуу иш баштайм. Коомдун, университеттин иш-чараларына катышам»,- дейт Илгизбек.

Ал эми «Ыйык Ата-Журт – Ош» коомдук фондунун мүдүрүнүн орун басары Мирлан Кудайбердиев уюм жаштар менен кызматташууга даяр экенин баяндады.

Мирлан Кудайбердиев
Мирлан Кудайбердиев

«13 жылдан бери студенттер менен кызматташып жүрөбүз, жаштардын аң-сезимин өстүрүү багытында. Эки жылдан бери 54 кыз, 40 бала стипендиант, 140 ыктыярдуу мүчө кабыл алынды. Андан  сырткары тил, кулинария курстары, семинарлар болуп турат. Баары акысыз. План түзүп алышсын күндүк, жумалык, айлык кылып,ошондо оңой болот. Бардык нерсе адамдын өзүнөн, аракет кылса болот», - деди Мирлан Кудайбердиев.

ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин окутуучусу Саламат Мырзаибраимова студенттер окуудан сырткары бош убактысын текке кетирбеши үчүн окуу жайдан күчтүү талап коюлса деген пикирин айтты.

Саламат Мырзаибраимова
Саламат Мырзаибраимова

«Биринчиден, окуу жай сапаттуу билим бериши керек. Анан талап да күчтүү болушу зарыл. Экинчиден, студенттерди кызыктырыш да керек. Маселен, стипендия берүү менен. Бош жүргөн студенттер менен активдүү студенттер ортосунда байланыш түзүшсө, жакшы натыйжа болот», - деди Саламат Мырзаибраимова.

Жаштардын көчө таптап жүрүшүнө 61 жаштагы Жүзүмкан Касымбекова нааразы. Анын 5 баласы окуу жайларын ийгиликтүү бүтүрүшкөн. Азыр кичүү 2 кызы жогорку окуу жайларда окушат.

Жүзүмкан Касымбекова
Жүзүмкан Касымбекова

«Учурда жаштар бекер жүрүшөт, билимди жакшы окушпайт. Убакыт эптеп өтсө болду. Активдүү студенттер өтө аз. Китеп көп окушса, ден соолукту чыңдоо кружокторуна катышышса. Негизинен билимин канчалык тереңдетсе ошончолук келечегине жакшы», - деди

.

Оштогу студенттер бош убактыларын кантип өткөрөрү жөнүндө суроо-сопкут жүргүздүк.

Бекмамат Абдумалик уулу, ОшМУнун студенти:

-Мен сабактан чыгып,  китепканага барам. Андан чыгып футбол ойнойм. Сыналгыдан жаңылыктарды көрөм.

Сулайман Эралиев, финансы жана юридика колледжинин студенти:

- Өзүм юридикалык колледжде окуйм, бирок журналистика тармагына кызыгам. Бош убакта волейбол ойнойм.

Гүлмира Коңурбаева, бизнес жана менеджмент факультетинин студенти:

- Сабактан чыгып үй жумуштарын аткарам. Интернетке кирем. Сайттардан маалыматтарды алам.

Бурулай Кадырбек кызы, филология факультетинин студенти:

-Үйгө барып тапшырмаларды аткарам. Адабий китептерди окуйм. Көп ойлоном.

 Ош шаарында 10дон ашык орто жана жогорку окуу жайлар бар. Жалпысынан 60миңдей студент билим алат. Тил, тикмечилик, ашпозчулук, айдоочулук окуу курстары 15ке чукул.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева