Парламент депутаттарынын биринин маалыматы боюнча, Өзбекстандын чек арачылары эки өлкөнүн чек арасындагы Кыргызстандын телемунарасын басып алышкан. Азырынча бийлик бул маалыматты ырастаган жок.
Өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы телемунараны «басып алышкандыгын» парламент жыйынында депутат Курманбек Осмонов билдирди.
Ал бул тууралуу ага Аксы районунун жашоочулары билдиргендиктерин айтты.
«Алардын маалыматтары боюнча, биздин чек арачылар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда тирешүү пайда болгон. 300дөй аксылык жергиликтүү райадминистрациянын имаратынын алдында митинг өткөрүшүп, бул маселенин чечилиши боюнча өлкө жетекчилигинин атына кайрылуу жөнөтүшкөн», — деди ал жыйында.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков окуя боюнча кененирээк маалымат алып, маселени чечүү үчүн пленардык жыйынды таштап кетти.
Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынан азырынча аларда бул боюнча эч кандай так маалымат жок экенин жана кырдаал боюнча азырынча комментарий бербей тургандыктарын билдиришти.
«Бул боюнча азыр биз жетекчиликти күтүп атабыз, азырынча эч нерсе айта албайм», — деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү.
Аксы райадминистрациясынын башчысынын орун басары Айжан Чилетова Kloop.kgге берген маегинде өзбек чек арачыларынын аракеттеринен кийин жергиликтүү тургундардын митингге чыккандыктарын ырастады.
«Алар чек аранын бекемделишин талап кылып, өзбек чек арачыларынын Кыргызстан аймагына келип жаткандыктарына карабастан эмнеге эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып суроо салышкан. Бирок бул андай эмес, биздин чек арачылар өз иштерин аткарып жатышат», — деди ал.
Ушул эле аптанын ичинде 24.kg маалымат агенттиги телемунаранын айланасына өзбек десанты түшүрүлүп жатканын билдирген. Бирок анда Чек ара кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде бул маалыматты четке каккан болчу.