Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы жоюлду

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө керек болгон жалпы республикалык тестирлөө өзбек тилдүү версия жок калдымындай чечимди өкмөт кабыл алды.

Өкмөттүн 13-сентябрда кабыл алынган токтому Кыргызстандын мектеп окуучулары тест тапшырууга милдеттүү болгон эки тилди – өлкөдө мамлекеттик тил болуп саналган кыргыз тили менен расмий тил катары эсептелген орус тилин бекитти.

Токтом кабыл алынганга чейин мектеп окуучулары эгер каалоочулардын саны тиешелүү бир деңгээлге жетсе республикалык тестирлөөнү өзбек же башка каалаган тилинде тапшыра алышчу.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек жана башка тилдердеги версияларынын жоюлгандыгын Билим берүү министрлигинен ырасташты — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына Профессиналдык билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошев билдирди.

Бирок ал өкмөттүн кабыл алынган чечими боюнча комментирий бере албастыгын айтып, андан ары сүйлөшүүдөн баш тартты.

«Силерге комментарий бере алчу адам бул токтомду ишке ашыруу үчүн иш сапар менен кетти. Ал дүйшөмбү күнү гана келет», — деп билдирди Жолдошев.

Өзбек тилдүү мектептер

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү менен алектенген Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борборунун директору Инна Валькова Kloop.kgге берген маегинде токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.

Бирок ал Кыргызстанда билим берүү өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер бар болгондуктан өзбек тилин республикалык тестирлөөдөн алып салууну туура эмес деп эсептейт.

«Кантсе да өзбек мектептери бар болгондуктан алар тестти өзбек тилинде тапшырышса жакшы болмок, анткени бул жөндөмдүүлүктөрдүн тестти. Анда кеп алардын мамлекеттик документтерди жазуусу же дагы башка нерселерди кылуусу жөнүндө болбой эле, версиясы калтырылса жөн гана алар өзбек тилинде өз жөндөмдүүлүктөрүн жакшы көрсөтө алышат», — деп эсептейт Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борборунун директору.

Валькова токтомдун кабыл алынышына өткөн жылы республикалык тестирлөөнү өзбек тилинде 1,5 миңден бир аз гана ашык окуучунун тапшырганы негиз болгон болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Бирок борбордун директору токтомдун сентябрда кабыл алынгандыгын жакшы болду деп эсептейт. Айтымында, балдар алдын ала билип, тестти жалаң кыргыз же орус тилинде берүүгө даяр болушат.

«Аларда даярданууга убакыт бар. Бул жерде былтыр май айында биз өзбек тилдүү мектеп окуучуларын өтө оор, ыңгайсыз абалга калтырып кое жаздагандай [Жалпы республикалык тестирлөөгө бир нече ай калганда анын өзбек тилдүү версиясы жоюлганы калган болчу] кырдаал болгон жок», — деп кошумчалады ал.

Тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясынын айланасындагы талаш-тартыштар

Тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы тесттер башталгандан бери эле бар болчу, бирок Кыргызстанда аны өзбек тилинде өткөрүүнүн муктаждыгы жөнүндөгү талаш-тартыштар 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылышуудан кийин өзгөчө күчөгөн..

2012-жылдын башында бир нече жаштар уюмдары республикалык тестирлөөнүн өзбек тилиндеги версиясын жоюу талабы менен парламент имаратынын алдында нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн болчу.

Өз кезегинде Кыргызстандын укук коргоо уюмдары ал версияны жоюу өзбек тилдүү мектеп окуучуларынын укуктарын бузаарын билдирип чыгышкан.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда негизги билим берүү тили катары өзбек тили эсептелген жүзгө жакын мектеп бар,

Бирок бул көрсөткүч жыл өткөн сайын кыскарып барууда, анткени өзбек тилдүү мектептер акырындап кыргыз тилинде билим берүүгө өткөрүлүп жатат

Буга чейин бийликтегилер Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясын жоюууга аракет кылышкан болчу, бирок ал чечим жокко чыгарылган.

Автор: Александра Ли