Жол кырсыгында күнөөнү айдоочу, жүргүнчү жана автомектеп бири-бирине оодарат

 

Жыл башынан бери Ош шаарында 283 жол кырсыгы катталып, 15 адам каза тапкан. 372 адам түрдү жаракаттар менен ооруканаларга  кайрылган.  Былтыркы  жылга салыштырмалуу 9 ай ичинде эле жол кырсыктары  49га  көп болгон.

Арназбек агасы экөө өткөн аптада кан жолдо мал-койлордон качабыз деп автокырсыкка кабылышкан.

«Биз «Тико» машинасы менен бара жатканбыз. Достук-Нариман жолунда алдыбыздан бир топ мал-койлор чыгып, алардан качабыз деп, аӊтарылып кеттик. Кокустук болду. Тургундар жолго малын чыгарбаса жакшы болмок. Айдоочунун жанында элем, кырсыктан кийин эсиме келсем ооруканада экенмин. Азыр абалым жакшы»,- деди Арназбек Бакыт уулу.

Арназбектин агасы, Жоош айылынын тургуну Жапарбек Полотовду автоунаа кырсыгында коопсуздук куру аман сактап калган.

«Алдыбыздан  мал үркөөндө, тепселеп кетпейли деп, жолдон чыгып кеттик. Мен коопсуздук курун тагып алдым эле. Ошондуктан эч нерсе болбодум»,- деди Ж.Полотов.

Ош шаардык жол кайгул кызматынын үгүт-насаат бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Рашит Сыдыков маалымдагандай, жыл башынан бери Ош шаарында 283 жол кырсыгы катталып, андан 15 адам каза тапкан. 372 адам түрдү жаракаттар менен ооруканаларга  кайрылган.

«Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 9 айда эле жол кырсыгы 49га  көп катталды.  Быйыл өспүрүмдөр катыштыгында 58 жол кырсыгы катталып, бактыгы жараша каза болгондор болгон жок»,- деди Р.Сыдыков.

Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн шаардык МАИ кызматы жакында бир ай бою “Көӊүл бургула, балдар!” деген автожүрүш өткөргөн.

«Шаардагы 57 мектептин баарына Жол коопсуздук кызматынан  бирден кызматкер койдук. Окуучуларды сабакка киргенге чейин жол эрежесин сактатып, андан кийин өз жумуштарына кетип жатышты. Азыр да мектеп алдына кызматкерлерди коюп жатабыз», деди Р.Сыдыков.

МАИчинин айтымында, жол эрежелеринин бузулушу айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр тарабынан болуп жатат.

«Ичип алып айдагандар, жол эрежесин билбеген айдоочулар да бар. Ал эми жөө жүргүнчүлөргө  ар кайсы булактардан маалымдап жатабыз. «Жөө жүргүнчү өтчү тилкеден өтүӊүз! Өзүӊүзгө ыӊгайлуу жерди тандабаӊыз» деп. Бирок, ошого карабастан балдарын жетелеп өздөрүнө ыӊгайлуу жерден өтүп, жол кырсыгына учурашууда»,- дейт Р.Сыдыков.

Айдоочулукту жакшы үйрөнбөй туруп эле айдоого укук берген күбөлүк алып жатышат, ошолор автокырсыктарга себепчи болуп жатышат деп коомчулукта айтылып келет.

Жол кырсыктарынын болушуна айдоочулар, жүргүнчүлөр бири-бирин жана автомектептерди күнөөлөшөт.

Кабылбек Осмонов, тажрыйбалуу айдоочу:

3 жылдан бери Ошто айдоочумун. Менимче, кырсыкка кабылгандар жаштар. Ага себеп - окубастан туруп, автомектептерге акча берип, аты- жөнүн жаздырып коюп, убагы бүткөндө күбөлүк  сатып алып, жол кырсыктарына кабылышат. Биз курактуулар эрежени билет, жол эрежени сактайт. Автомектептин мугалимдери жакшы окутушпайт. Мамлекет текшерип, жакшылап окутса мындай кырсыктар болбойт.

Бегаалы Чиркинов, 30 жашта:

- Ош шаарынын тургунумун.  Айдоочулар өздөрү күнөлүү. Жаӊы ачылып жаткан автомектептер жакшы окутпай жатышат. Азыркы айдоочулар машинаны башкача айдашат.

Мухамбет, Ош шаарынын тургуну:

- Биринчиден жол тар, жолдун ремонту да жакшы эмес. Машина көптүк кылат. Бизде 1 эле жол, чет мамлекеттерде 4-5 жол болот. Айдоочулар биринин артынан бири ээрчип шашпай айдаса болот. Светофорго карабай өтөт, ичип алып айдашат. Күбөлүктү ГАИден сатып алып жүрө беришет.

Зулфия  Асанакунова, жүргүнчү:

- Айдоочулар күнөөлүү. Жакшы үйрөнбөй эле айдашат. Кечээ жакында эле Нариманда жол кырсыгы болду. Эрежени билбей, ушундай иштер болуп жатат.

Спорттук коргонуу уюмунун Ош, Баткен облусу боюнча төрагасы Абдумитал Кадыров автомектептин өзүнчө шарттары бар экендигин белгилейт. Автомктепти күнөөлөгөндөргө анын өзүнүн жообу бар:

«Мурда биздин уюм ДОСААФ деп аталып, иш алып барчу. Азыр өзгөргөн. Биздин автомектеп 86 жылдан бери иштейт. Мектептин шарты категорияларга карап жүргүзүлөт.  Бүткөндө класстык  экзамен тапшырылат. Андан соӊ Каттоо кызматына экзамен тапшырып, күбөлүктү ошол жерден алышат. Ош, Баткен боюнча  186 окуу техникасы иштетилет. Бардык шарт жакшы түзүлгөн. 250дөн ашык жогорку билимдүү  мугалимдер эмгектенет»,- деди А.Кадыров.

Айтымында, автомектептер белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек.

«Азыр 1-2 бөлмөнү ижарага алып, 2-3 машина менен окутушат. Мындай даярдоо  туура эмес. Өзүнчө даярдалган класстарда окутулуш керек. Жакшы шарт түзүлбөй, сапатсыз автомектептер  көп, натыйжада автокырсыктарда жаракат алып, каза тапкандар  көп болууда. Бул иш мамлекеттик деӊгээлде каралыш керек»,- деди автомектептин жетекчиси А.Кадыров.

Ош шаарында мамлекеттик автомектеп жок. Менчик автомектептердин саны 15 чакты. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Ош шаарындагы автоунаалардын саны  57 миӊге чукулдайт. Жакалаш аймактардан шаарга кирип-чыгып турган автоунааларды кошкондо жалпы саны 100 миӊге жетет.

Автор: Бурулай Кадырбек кызы

Сүрөт: Үмүтай Жума кызыныкы

Редактор: Гүлзат Газиева