Бишкектин бактарына зыян келтирип жаткан курт-кумурскалардын «табигый душмандары жок»

Бишкек шаардык кеңешиндеги угууда Илимдер академиясынын өкүлү Бишкектеги жалбырактуу бак-дарактарга зыян келтирип жаткан миналачу таарыгыч курттар табигый душмандары тарабынан гана жок кылынышы мүмкүндүгүн билдирди. Бирок айтымында, биздин өлкөдө анын табигый душмандары жок.

Бишкек шаардык кеңешинин «Замандаш» фракциясынын жыйынында Кыргызстандын Илимдер академиясынын вице-президенти Беймурза Токтоналиев миналачу таарыгычтар менен эффективдүү күрөшүш үчүн алардын табигый душмандарын Европадан алып келүү керектигин билдирди.

«Азырынча бул тааргычтарды жогото турган алардын табигый душмандары бизде жок», — деди Токтоналиев.

Анын айтымында, Кыргызстанга таарыгычтар төрт жыл мурун  Европадан кокустан алынып келинген жана начар экологиядан улам бул жакка көнүп кетишкен.

Ошондон бери борбордогу бактардын көп бөлүгү толугу менен «жаргак канаттуу эмен миналачу таарыгыч» деп аталган курттардын таасири астында зыянга учураган.

Учурда зыянкечтер менен күрөшүү үчүн салыштырмалуу эффективдүү деп эсептелген липедацид дарысы колдонулуп жатат.

«Зыянкечтерге каршы күрөшүү үчүн пайдаланылган липедацид дарысына карата түрдүү – кубаттаган мүнөздөмөлөрдөн терс мүнөздөмөлөргө чейин айтылган. 2012-жылы аталган дарыны сынап көрүү максатында Бишкектин эки жериндеги бактарга чачылган», — деди Токтоналиев.

Бирок көйгөйдү чечүүгө тоскоолдук кылып жаткан көптөгөн жагдайлар бар — алар жөнүндө фракция жыйынында Бишкек мэриясынын Турак жай коммуналдык чарбасынын башчысынын орун басары Нурлан Касымов айтып берди.

Касымов техниканын жетишсиздиги, өз учурундагы каржылоо менен жөнгө салынган иштин жоктугунан улам муниципалдык кызматтардын зыянкечтерге алы жетпей жаткандыгын билдирди.

“Биз химиялаштыруу департаментинин техникасын пайдаланганбыз. А ал тракторлор талаада иштегенге гана ылайыкташтырылгандыктан көпчүлүк бактардын чокуларына жетүү мүмкүн болгон жок”, — деди Нурлан Касымов

Анын айтымында, каржылоонун кечиктирилишинен улам липедацид дарысы да Бишкекке өтө кеч алынып келинген.

“Бизде кыска мөөнөт болуп, 2 жуманын ичинде баарын бүтүш керек болду. Ал аз келгенсип май айынын башы да жаандуу болду. А бул дарыны жаан жаап атканда пайдаланууга болбойт. Ал эми майдын аягында болсо таарыгычтар жок болот, ошондуктан дары чачуу туура эмес болуп калмак”, — деп кошумчалады Касымов.

Анын айтымында, таарыгычтар Бишкектин айланасындагы дары чачылбаган бактардан дары чачылган бактарга кайрадан келиши мүмкүн.

“Биз Аламүдүн жана Сокулук райондорун чакырганбыз. Чектешкен аймактардагы бактарды биздин дарылар менен дарылоону сунуштаганбыз. Бирок алардан эч кандай жооп болгон жок” — деди ал.

Таарыгычтарды ошондой эле өтө күчтүү уулар да жок кыла алат, бирок аларды шаар шартында пайдалануу жашоочулар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

“Бул түрү сырттан алынып келинген жана алар менен күрөшүү үчүн кадимки дарыларды колдонуу эч кандай жыйынтык бербейт. Күчтүү, системалуу ууларды колдонуп таарыгычтарды жок кылса болот. Бирок экологиялык зыян да көбүрөөк болот. Ал уулар адамдар үчүн да, жаныбарлар үчүн да коркунучтуу” — деди “Замандаш” партиясынын депутаты Таалайбек Сагынов.

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов өткөн жылдын сентябрында эле зыянкечтер менен күрөшүү үчүн керек болгон каражатты бөлүп берүүнү убадалаган болчу.

Азырынча курт-кумурскалар менен күрөшүүнү каржылоо маселесинин чечилген-чечилбегендиги белгисиз.

Автор: Хлоя Гейне