Токмок: Базардын алынышына нааразы болгондор мэриянын имаратына кирип барышты

Базардын алынышына нааразы болгон Токмок шаарынын жашоочулары мэриянын имаратына кирип барышты. Учурда ал жерде 100дөй киши бар.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары өрттөн кийин жарым-жартылай алынган базардын кайрадан калыбына келтирилишин талап кылып жатышат. Учурда мэриянын имаратында 100дөй, дагы 20 киши эшикте турушат.

«Биз базардан кечээ кечинде кеткенбиз, а бүгүн келсек эч нерсе жок. Мына эми биз мэриядабыз, эч нерсе чечилбей эле, мэр чыкпай атат. Мындагылар баарына даяр, эл өтө көп, кечинде эмне болот ким билет?», — деди базардын сатуучусу Татыным Атамакунова Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, соодагерлердин бардыгы тең соода жайлары үчүн акча төлөп келишкен, бирок баары бир ага карабастан дүкөндөрдү алып салышкан.

«Биз баарыбыз тең патентке, соода ордубуз үчүн акча төлөйбүз. Айтмакчы, буга чейин бизде келишим бар болчу, аны өткөн жылы бузушкан. Азыр эч кандай чече албай жатышат. Ар дайым эле акча төлөйбүз, а чындыгында эч нерсе жок», — деп нааразычылыгын билдирди сатуучу.

Нааразычылык акциясынын катышуучусу бийликтегилер базарды 26-сентябрь күнү кечинде гамбургер саткан күркөдөгү өрттөн улам алып салган болуш керектигин кошумчалады.

«Бизде кечээ өрт болгон, ошондуктан тийишип жатышат. Бирок ал өрттүн бизге такыр тиешеси жок, ал кайсы бир жеке дүкөн болчу. Аларда гамбургердин айынан өрт чыккан», — деп ишендирди ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдыраимов Kloop.kgге берген маегинде анын мекемеси Токмоктогу митинг жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.

Азырынча мэриянын администрациясы эч кандай комментарий бербей эле, бирок түштөн кийин маалымат бере тургандыктарын билдиришти.

Автор: Александра Ли