Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы мелдештин башка тандап алуу топторундагы атаандаштарынын ийгиликтүү оюнунан кийин 16 жашка чейинки футболчулардын арасындагы Азия биринчилигинде ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Жума күнү болгон мелдештин акыркы тандап алуу оюнунда Катар футболчуларынан утулганына карабастан Кыргызстан курамасынын Азия биринчилигине өтүү мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Тандар алуу оюндарынын регламентине ылайык, чемпионаттын финалдык бөлүгүнө 10 тандап алуу тобунун жеңүүчүлөрү жана анда экинчи орун алган мыкты беш команда өтөт.

Топтордо курамалардын саны ар кандай (үчтөн бешке чейин) болгонун эске алып экинчи орун алгандардын мыктыларын аныктоо үчүн өз тобунун жеңүүчүсү жана үчүнчү орун алган атаандашы менен болгон оюндарынын жыйынтыктары гана эсептелди.

Кыргызстан дагы деле өзүнүн F тобунда экинчи орунга ээ болууга үмүт артса болот, бирок 27-сентябрда өткөн башка топтордогу беттештерден кийин кураманын финалдык бөлүккө өтүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү калган жок.

Жума күнү Катардан утулгандан кийин Кыргызстандын Азия биринчилигине өтүшү үчүн төмөнкү шарттар зарыл болчу:

  • F тобунун акыркы оюнунда Катар Оманды эки топ айырмасында же бир топ айырмасында бирок 3:2 эсебинен жогору болбогон эсеп менен утушу керек болчу;
  • Калган топтордо экинчи орун алган, бирок Кыргызстандыкынан аз упайга ээ болгон эң аз дегенде беш команда болушу керек болчу.

Эгер биринчи шарт дагы деле аткарылышы мүмкүн болсо, экинчиси кыргызстандыктар каалагандай болбой калды — акыркы эки күндүн ичинде упайы боюнча Кыргызстандан ашып, кандай болгон күндө да жеткирбей турган беш команда топтолуп калды.

Кыргызстан эки оюнунда – биринчисинде тең чыгып, экинчисинде утулуп жалпысынан 1 упайга ээ болду.

Упайлары боюнча Кыргызстандан ашып, экинчи орунда келе жаткан командалар (кашаанын ичинде топтун лидери жана үчүнчү орун алган командалар менен болгон беттештеринде алган упайлары):

  • Непал, C тобу (4 упай);
  • Малайзия, H тобу (4 упай);
  • Йемен, B тобу (3 упай);
  • Бириккен араб эмираттары, E тобу (3 упай);
  • Гонконг, G тобу (3 упай);
  • Кытай, I тобу (3 упай);

Бул топтордун кээ бирлеринде оюндар дагы деле бүтө элек, бирок экинчи орунду башка команда алган күндө деле ал баары бир рейтинги боюнча Кыргызстандан жогору болот.

Мелдештен чыгып калганына карабастан бул тандап алуу кампаниясын Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын тарыхындагы эң ийгиликтүү кампаниясы деп атаса болот.

Команда буга чейин өспүрүмдөрдүн Азия чемпионатына эч качан мынчалык жакын болгон эмес.

Бул мелдештеги эң негизги жетишкендиктеринин бири — бул бир оюндагы голдордун орточо көрсөткүчүнүн эң жогору болгондугу.

Оман менен 3:3 эсебинде тең чыгып жана Катарга 3:4 менен утулуп команда эки оюнда алты топ киргизген (орточо эсеп менен ар бир оюнунда 3 голдон).

2013-09_u16_kyrgyzstan-qatar_0257
Сүрөттө Алмаз Ибраимов Катар курамасынын дарбазасына гол киргизип жатат. Автору: Шерзод Бабакулов

Буга чейин өспүрүмдөр курамасынын эң мыкты көрсөткүчү 2008-жылкы Азия чемпионатына тандап алуу бөлүгүндө болгон – анда команда 5 оюнда 6 гол киргизген болчу. Бирок анда Кыргызстан курамасы бардык оюндарында тең жеңилүү ызаасын тартып, мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүүгө таптакыр эле эч кандай мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Учурдагы өспүрүмдөр курамасынын ийгилиги көбүн эсе командага жапон машыктыруучусу Кеничи Яцухашинин келишине байланыштуу. Ал курама Катарга утулгандан кийин команданын өсүшүнө карабастан жолу болбой калганы үчүн күнөөнү бүт өзүнө алды.

«Жеңилүү — бул менин катам. Биз бул оюнга жакшы даярданган эмеспиз, убакыт өтө аз болду, каржылоо да дээрлик болгон жок», — деди ал.

Автор: Бектур Искендер