Бишкекте аба шарын элестеткен аттракцион ачылганы турат

Октябрдын аягынан баштап бишкектиктер өз шаарын өтө бийиктиктен көрө алышат — борбордо стационардык аба шарын орнотуу пландалып жатат.

Аба шары Бишкекке алынып келинген жана сентябрда жалпы коомчулукка эки жолу көрсөтүлгөн.

Анын ээси Олег Браун октябрдын аягында шар борбордо туруктуу орунга ээ болоорун убадалап жатат.

Мыйзамдардын өзгөчөлүгүнөн улам шар шаардын үстүнөн уча албайт — ал жайгашкан ордуна жип менен байланып, жүргүнчүлөрдү 40 метрлик бийиктикке чейин жогору көтөрүп турат.

«Учурда техникалык жана кагаз иштерине байланышкан маселелер чечилип жатат. Бирок шаардын үстүнөн учууга таптакыр уруксат жок, ал жөн гана бир ордунда туруп, адамдарды аттракцион катары алып жүрөт», — деди Браун Kloop.kgге берген маегинде.

Аттракцион ээси билеттердин баасы канча болоорун так айтып бере алган жок, бирок баалары шаардыктар үчүн «кабыл алына тургандай» болоорун айтып, убада берди.

Аба шарын эки киши — бирөөсү түздөн-түз жогору жактан, экинчиси жерден башкарат.

Бишкекте аба шарын башкаруу чеберчиликтерине үйрөтө турган мектептер жок болгондуктан Браун өзүнүн келечектеги учкучтарын Россия менен Литвага окууга жөнөттү.

Көз чаптыруу аянты

Эгер бул долбоор ишке ашырыла турган болсо анда аба шары Бишкектин үстүндөгү эң бийик көз чаптыра турган аянтча болуп калат.

Бүгүнкү күндө ар бир каалоочу үчүн жеткиликтүү болгон шаардагы эң бийик чекит Бишкектин борборунда жайгашкан БТА-Банктын имаратындагы «Бар 12нин″ чатыры, ал болжол менен 36 метрлик бийиктикте жайгашкан.

Борбордогу эң бийик имараттар 18 кабатка ээ, алардын бийиктиги болжол менен 54-56 метр, бирок ал имараттардын биринин да чатыры коомчулук үчүн ачык эмес.

Браун буга чейин аба шаарын Бишкектеги эки иш-чарада кое берген, бирок көрүүчүлөрдү тобокелчиликке салбаш үчүн аларды отургузбай эле болгону жети метрлик бийиктикке чейин гана көтөргөн болчу.

Шаар бийлиги Браундун бул демилгеси боюнча азырынча эч кандай комментарий бербей эле.

Бишкектен кийин ушундай эле шарларды Ошто жана Ысык-Көлдүн жээгине орнотууну пландап жатышат.

Андан сырткары ээлери аны каалаган адамга ижарага берүүгө да ниеттенишүүдө.

Стационардык аба шарлары өзгөчө Чыгыш Европа өлкөлөрүндө популярдуу, анда алар көпчүлүк учурларда негизги көзгө урунарлык нерселердин бири болуп калат.

Краковдогу аба шары.
Краковдогу аба шары.

Автор: Улан Мырза