Карылар үйүндөгү бир күн

 

Оштогу «Боорукердик» карылар үйүндөгү тирилик саат 8дерден башталат. Каалагандар сааркы көнүгүүлөрдү аткарат. Коридордо 3 даана машыктыруучу жабдык турат. Тамактануу - ашканада. Андан соң каалагандар сыртта сейилдешет. Күндө медайымга кан басымын текшертип тургандары да бар.   Түшкү тамактануу, соңунда шашкедеги «чырм» этип алуу. Ал эми кечкисин сыналгы көрүп,  карылар өз ара баарлашышат.

 

78 жаштагы Жумабай Арзыкулов карылар үйүнө келгенине 1 жылдан ашты. Ал Өзгөн районунан. 2 кыз, 2 уулдун атасы. Карыя бул жерге келип калганынын жөнүн бизге баяндап берди:

 Жумабай Арзыкулов
Жумабай Арзыкулов

«4 балам өз алдынча турмуштары менен. Небере, чеберелерим бар. Кемпиримдин көзү өткөнүнө 10 жыл болду. Кызыңдын үйүндө күйөө балаңдан, уулундун үйүндө келиниңден тартынат экенсиң. Тагдыр-буйрук экен, былтыр август айында мында келгем. Бардык шарттары бар, кийимим бүтүн, 3 маал ысык тамак берилет. Эч зерикпейсиң. Сыналгы көрөбүз, сейилдейбиз, аптанын ар жума күнү мончого түшөбүз»,- деди Жумабай аксакал.

«Боорукердикте» 30 карынын лидери, 70 жаштагы Токтор Курбанбаев Өзгөндөн келген. Ал 3 жылдан бери карылар үйүнүн активисти.

DSCN1448
Токтор Курбанбаев

«3 кызым Бишкек шаарында, 1 кызым Токтогулда жашайт. Байбичем экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Ал - кызынын колунда»,-деди Токтор ава өз таржымалын баяндап.

Ал карылар үйүндө жашап гана эмес, мында жумушка да кабыл алынган.

«Жарым ставка менен бул жерге жумушка кирип алдым. Суу сээп, шыпыруу, тазалоону чын ниетим менен жасайм. Бөлмөлөрүбүз таза, жылуу. Эртең менен туруп эле айлана-тегеректи тазалайм»,- дейт аксакал.

Ал эми Зульфия Асанованын мында келгенине 4 ай болгон. Мурда музейде иштептир. Карылар үйүндө ден соолугуна кам көрүп жатышканына шүгүр кылат.

«Боорукердик үйүнө» ден соолугума байланыштуу келип калдым. Майыптык араба менен сыртка алып чыгып сейилдетишет. Бөлмөлөш шеригим көңүлүмү көтөрүп, бактан алма терип келип берет. Эми болсо кышта үшүбөйлү деп, терезелерди жылуулашты»,-деди Зульфия Асанова.

Карылар үйүндө жашагандардын саламаттыгы мезгил-мезгили менен текшерилип турат экен. Мээрбан айым Зульфия Байвалиева карылардын ден соолугу үчүн мамлекет кам көрөрүн баяндады.

«Кан басымын текшерип турабыз. Эгер зарыл болсо ийне сайып, дары-дармек беребиз. Мунун баары акысыз. Оор абалда болсо, ооруканага алып барабыз»,- деди мээрбан эже.

«Боорукердик» үйүнүн директору Үмүткан Жусупова карылар үйүнө кабыл алуунун белгилүү шарттарын санап берди.

Үмүткан Жусупова
Үмүткан Жусупова

«Ош мэриясынын алдында түзүлгөн атайын комиссия кароосуз калган карылардын шарттарын изилдеп, чечим чыгарат. Ошонун негизинде кабыл алабыз.  Жергиликтүү бюджеттен 30 карыя үчүн каражат каралган. Демөөрчүлөр да көмөк көрсөтүшөт",- деди Ү.Жусупова.

Директордун айтымында, карылар күнүнө карата маданий иш-чаралар уюштурулган.

«Эртең биздин карылар жарашыктуу кийинип, шаарга сейилдегени чыгышат. Атайын автотранспорт каралган. Кайтып келишине борбордо майрамдык дасторкон жайылат. Атайын белектер даярдалган. «Боорукердикте» тарбияланган балдар  жана жогорку окуу жайдын студенттери концерттик программа тартуулашат»,- деди Үмүт Жусупова.

Оштогу «Боорукердик» карылар үйү 2004-жылы ачылган. Мында 30 кары жашайт.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева