Бишкек: Ош базарындагы соодагерлерден пара талап кылгандыгы үчүн эки чиновник кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан Ош базарында башаламан соода кылгандардан акча талап кылгандыктары үчүн Бишкектин Ленин райондук администрациясынын эки чиновниги кармалды.

Бишкектин Ленин райондук администрациясынын Соода бөлүмүнүн эки кызматкери Ош базарында араба үстүндө соода кылган соодагерлерден пара талап кылгандыктары үчүн кармалышты.

Милиция тарабынан чиновниктердин Ош базардагы ар бир соода арабасынан жума сайын 1000 сомдон талап кылып келгендиктери аныкталды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, администрация кызматкерлери акча алуу үчүн соодагерлерди «коркутуп келишкен».

«Аныкталгандай, алар [соодагерлер] акча чогултуп, Ленин райадминистрациясынын кызматкерлерине берип турушкан», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ош базарында араба үстүндө соода кылган канча соодагер бар экенин так айтып бере алган жок, бирок андайлар базарда «көп» экенин билдирди.

«Эгер бир эле кожоюндун бир нече арабасы бар болсо, анда ар бир араба бир орун катары эсептелинет. Ар күн сайын бир арабадан 1000 сомдон берип келишкен», — деди Осмонбаев.

Милиция буга окшогон коррупциялык схемалар Бишкектин башка базарларында да бар болушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Мындай схемалардын болушу толук мүмкүн. Бирок биз так айтышыбыз үчүн алгач аны далилдешибиз керек», — деп кошумчалады басма сөз кызматтын өкүлү.

Пара талап кылгандыктары үчүн чиновниктерге каршы кылмыш иши козголуп, аларга карата баш коргоо чарасы катары эки айга камоо чечими кабыл алынды.

Комментарий алуу үчүн Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү жеткиликсиз болуп жатышат.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев

Сүрөттүн автору: Мария Гребнева