Кантип чет тилин тез үйрөнүүгө болот?

 

Ош шаарында  тил үйрөтүүчү 50дөн ашуун окуу борборлору бар. Окутуу акысы 1000 сомдон 3500 сомго чейин. Ар бир окуу борборуна жылына 400-700дөй адам жазылат. Чет тилдерин кантип жана канча убакытта үйрөнүүгө мүмкүн экенин окуп жаткан жергиликтүү жана чет элдик жарандардан сураштырдык.

Ошто жашаган канадалык Стифф 5 тил билет. Кыргыз тилинде так жана таза сүйлөйт. Ошондой эле ал орус, француз, кытай тилдерин да жакшы билет. Стиффтин Кыргызстанга келгенине бир топ жылдан ашты. Ошондуктан кыргыз тилин үйрөнүүнү өзүнө милдет катары эсептейт.

«Кыргызстанга келген чет элдиктер кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыгышат. Мен бул жерде 7 жылдан бери жашап, кыргыз тилин билбесем таң калыштуу болмок. Негизинен кыргызчаны 4-5 жылдан бери үйрөнүп келем. Мен үчүн эң кыйыны сүйлөмдөрдүн структурасы болгон. Анткени, кыргыз тили менен англис тилдерин салыштырганда, түзүлүшү алмашып калат»,-деди Стифф.

Ал каражат жагынан кыйналбаптыр. Анткени айына болгону 1500-2000 сом төлөчү экен.

«Башка тилдерди тез үйрөнүү үчүн чет жерлерге барып, ошол жактагылар менен көбүрөөк мамиле түзүп, сүйлөшүү керек. Ошондой эле ошол тилде кино көрсө аябай жардам берет»,-деп кеңеш берет Стифф.

19 жаштагы Оштун тургуну Марат болсо чет тилдеринен корей тилин билет. Корейчени ал «HighTime» окуу борборунда 10 айдан бери өздөштүрүп келет. Айына 2500-3000 сом төлөйт.

«Бизге бул тилди Кореядан келген адамдар өздөрү үйрөтүшөт. Муну алардан өзүбүз суранганбыз. Ошондо үйрөнүү тезирээк болот экен. Бул өздөштүрүп кетүүнүн оңой жолу»,-дейт Марат.

Тил үйрөнүү канчалык кыйын болсо да, аны сөзсүз түрдө үйрөнүүсүн айтат. Себеби анын алдына койгон максаттары бар.

«Корей тилин үйрөнүп жатканда эң кыйыны - сөздөрдү окуу жана жаттоо болду. Бирок, мындайга карабай үйрөнүп келем. Себеби, Кореяга барып,ал жактан жакшы иш табууну каалайм»,- деди Марат.

Студенттердин көбү чет тилин үйрөнүүнү каалашарын, бирок каражат жагынан кыйналып калаарын айтышат.

Анара Аскарбек кызы «Ансарп-тайп» окуу борборунда орус тилин үйрөнүп жатат.  Айына 1500 сом төлөйт. Башында каражат жагынан  кыйналып, керек болсо күбөлүгүн барымтага койгонун айтты.

«Мен чет тилдерин үйрөнүп, башка мамлекеттерге барууну эңсейм. Ошондуктан азыр курстарга барып, башка тилдерди үйрөнүп жатам. Башында каражат жагынан аябай кыйналдым. Анан айлам кетип, окуу борборуна күбөлүгүмдү барымтага койгом»,-дейт Анара.

Окуу борборунда англис тилин үйрөтүп жаткан пакистандык Мухаммед Асад Ош шаарында 4 жылдан бери жашайт.

24 жаштагы Асад орус, араб, урду, фарси, кыргыз, латын, англис тилдерин билет. Айтымында, тил үйрөнүү ал үчүн кыйын болгон эмес. Бул тилдер анын эне тилине окшошуп кетет экен.

«Мусулмандар үчүн арап тилин үйрөнүү бир топ жеңил. Эгер арап өлкөлөрүнө барып, үйрөнсө, эки-үч айда эле бул тилде сүйлөп калса болот. Башка тилдерди үйрөнүп мен чет жерлерге чыгып келдим»,-деди Мухаммед Асад.

Мухаммед Асад
Мухаммед Асад

Пакистандык Асаддын айтымында, тил үйрөнүү - бул позитивдүү нерсе.

«Көп адамдар чет тилдерин үйрөнгүсү келет, бирок кээ бирлеринин убактысы, кээ бирлеринин акчасы, ал эми башкалардын мүмкүнчүлүгү жок. Эң биринчи каалоо жана аракет болуш керек. Мен муну алып кете алам, мен муну үйрөнө алам деп өзүңө ишенишиң керек»,-дейт Асад.

Тил үйрөнүүнүн аркасынан жакшы жумуш тапкандардын бири – Ош шаарынын тургуну Жазгүл. Ал англис тилин үйрөнүп, азыр Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку коммисариятында иштейт. Мында негизги документтик иштер англис тилинде жүргүзүлөт.

«Кичинекей чагымда апам англис тил курсуна берген. Анда кызыгуум деле жок болчу. Убакыт өткөн сайын кызыга баштадым. 9-классымда Америкага 1 жылга бекер окуп келүү программасы жөнүндө угуп калдым да, өзүмдү сынап көрмөк болдум. Натыйжада, Америкада 1 жыл окуп келдим. Анан Бишкектеги Америка университенин бүтүп, эл аралык уюмда иштеп жатам»,-деди Жазгүл.

Айтымында, тил үйрөнүүдө аягына чейин аракет кылуу керек. Эгерде тыныгуу болуп калса, көп нерсе эстен чыгып калат.

Жаштардын оюн билүү үчүн  аларга «Чет тилин канча убакытта, кантип тез үйрөнсө болот?» деген суроо узаттык.

Баткенден келген Сеит Туйгунбаев англис тилин 9 айдан бери үйрөнүп келет.

«Бизге мектепте англис тили өтүлбөйт болчу. Анан Баткенде курска бара баштадым. Ошко келип, «FAROS» окуу борборунда өздөштүрүп жатам. Менин оюм боюнча чет тилин 1 жылда үйрөнсө болот. Ал үчүн ошол тилде көбүрөөк сүйлөшүү керек»,-дейт Сеит.

Оштун тургуну Мээрим болсо түрк тилине кызыгат.

«Мугалимдердин айтуусу боюнча, түрк тилин 2-3 айда эле үйрөнүп алса болот экен. Анткени, кыргыз тилине аябай жакын. Бул тилди үйрөнүп,  Түркияга барууну каалайм»,-дейт Мээрим.

Акжол
Акжол

Акжол 2 айдан бери окуу борборунда орус тилин үйрөнүп жатат. Анын пикиринче, орусчаны 1 жылда жакшы өздөштүрүүгө болот.

«Орус тилин үйрөнүүдө мага эң кыйыны - сөз жаттоо болду. Бирок мен үйрөнүүнү токтотпойм. Бул тилди 1 жылда өздөштүрүп кете алам го деп ойлойм»-деди Акжол.

Ош шаарында жалпы 50дөн ашуун тил үйрөтүүчү окуу борборлору бар. Окутуу акысы 1000 сомдон 3500 сомго чейин. Ар бир окуу борборуна жылына 400-700дөй адам жазылат.

Автор: Назгүл Мадазимова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева