Мамлекеттик кызматкерлер майыптардын пандустардын орнотулушу үчүн өткөргөн акциясына тоскоолдук кылышкан [+ видео]

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери 30-сентябрь күнү мамлекеттик мекемелердин имараттарынын алдына пандустарды орнотуу боюнча майып-активисттер тарабынан уюштурулган акцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган.

http://www.youtube.com/watch?v=cU7txICrVRM

«Жеткиликтүүлүккө укук» акциясынын катышуучулары 30-сентябрь күнү Мамлекеттик мекемелердин имараттарынын пандустарын текшерип, алардын майып арабаларынын кирүүсүнө ыңгайлуулугуна карап жашыл же кызыл плакаттарды чапташкан.

Акциянын уюштуруучусу Укей Мураталиева мамлекеттик кызматкерлер тарабынан имараттарга плакат илип жаткан активисттерге тоскоолдук кылган эки учурду билдирди.

Айтымында, акция катышуучулары Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында катуу каршылык көрсөтүүгө туш болушкан:

«Бизди өтө агрессивдүү тосуп алышты. Алгач кароолчусу чыгып плакаттарды тытып, биздин кетишибизди талап кылып кыйкырды. Анан биз ага плакаттарды дагы бир жолу тытып көрүүсүн сунуштап, аны интернеттин жылдызы кылаарыбызды айткандан кийин ал качып кетти», — деди Мураталиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы окуя жөнүндө.

Ошондой эле чиновниктер тараптан каршылык көрсөтүүлөр Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин имаратынын алдында да болгон — анда кызматкерлердин бири акция катышуучулары мамлекеттик органдын ишине «тоскоолдук кылып жаткандыктарын» билдирген.

«Биз мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигине барып өз ураандарыбызды кыйкыра баштадык, анын жумушчуларынын бири  «Силер бизге тоскоол кылып жатасыңар!» деп кыйкырууга батынып, бизге бул алардын иши эмес экенин айтып жооп беришти», — деди акциянын уюштуруучусу.

Эки жарактуу имарат

Акция катышуучулары 30-сентябрь күнү эртеден кечке бардык мамлекеттик мекемелердин имараттарын кыдырып чыгышкан.

Ал текшерүүнүн жыйынтыгында, жашыл постерге, тактап айтканда, жакшы деген баага болгону Башкы прокуратура менен Акыйкатчы институнун имараттары гана татыктуу болушкан.

Активисттер калган мамлекеттик мекемелердин имараттарына пандустардын жараксыз экендигин түшүндүрө турган кызыл плакаттарды чаптоого аракет кылышкан.

«Жалпысынан биз шарттарды түзүүнүн кандай маанилүү экенин эске салып коюу үчүн чыкканбыз, антпесе биз босогодон ары эч жакка өтө албайбыз», — деп түшүндүрдү акциянын уюштуруучусу Укей Мураталиева Kloop.kgге берген маегинде.

Мураталиеванын айтымында, бир пандусту оңдоп, орнотуп коюу үчүн 500 АКШ доллары керек жана анын пикири боюнча, мамлекеттик мекемелер мындай чыгымдарга акча жумшай алышат.

Азырынча бир дагы мамлекеттик мекеме майыптардын бул акциясына расмий реакция жасай элек.

Автор: Айшоола Айсаева