Бишкек шаарынын жашоочусу Галина Елфимова аны милиционерлер «сабап», кылмышты мойнуна алууга мажбур кылгандыктарын айтып, ишендирүүгө аракет кылып жатат. Ал кезде Елфимова кош бойлуу болчу. Айтымында, «кыйноолордон» улам анын кызы оорулуу болуп төрөлгөн.
1-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Елфимованын ишин карап баштады, бирок күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу отурум кийинки күнгө жылдырылды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектелип жаткан Елфимова менен анын эки таанышы 2011-жылы төрт шаардыктын мобилдик телефондорун тартып алышкан.
Бирок айыпталып жаткандардын бардыгы тең даректерине айтылган күнөөлөрдү четке кагышып, милиция тараптан кыйноолорго кабылгандыктарын айтып даттанып жатышат. Елфимова 2011-жылы анын беш айлык боюнда бар экенине карабастан Биринчи май райондук ИИБсинин Болот жана Санжар деген милиционерлери «сабагандыгын» айтууда.
«Санжар мага орой сүйлөп, тоноо боюнча же дагы башка күнөөнү мойнума алышымды айтып басым жасап баштаган. Мен баш тарттым. Ал мени бөйрөккө эки жолу уруп, коркуткан», — деп жазган ал «Абактагылардын укуктары боюнча комитеттин» төрагасына жолдогон арызында.
Сот жообуна тартылып жаткан Елфимова күнөөнү мойнуна албаса милиция кызматкерлери аны өлгүчө сабай тургандыктарын айтып коркуткандыктарын билдирип жатат.
«Эгер мойнуңа албасаң мен сенин аял экениңе карабайм. Сени кайсы бир дубалдын түбүнө барып өлүп калгыдай тепкилеп салам», — деди ал милиция кызматкеринин айткандарын кайталап.
Елфимованын айтымында, ал кош бойлуу экенин айтып, милиционерлерге эскерткен, бирок алар буга эч кандай реакция жасабастан кыйноолорун уланта беришкен.
«Мен ал убакта кош бойлуу болгондуктан баламдын келечеги үчүн өтө катуу коркком. Боюман түшүп калуу коркунучу болуп кансырагам, баламды жоготом го деп коркком. Психологиялык басым жасоолордон кийин өтө алсыз бала төрөдүм», — деди ал.
Бала төрөлгөндөн кийин бир жарым жыл апасы Елфимова менен бирге тергөө абагында жашаган.
2013-жылдын жаз айларынан баштап кызы балдар үйүнө которулган.
Учурда Елфимованын баласы багылып жаткан балдар үйүнүн дарыгерлеринин корутундусу боюнча, анын кызы «мээ дисфункция» оорусу менен жабыркайт.
Мындан улам кызынын психологиялык жана сүйлөө жактан өнүгүүсү кечеңдеп жатат.
Окуя болгондон көп убакыт өткөнүнө карабастан бүгүнкү күнгө чейин Елфимованын кыйноолор жөнүндөгү арызы коомчулукка белгисиз болчу.
Kloop.kgнин редакциясы «Абактагылардын укугу боюнча комитет» аркылуу Елфимованын арызы менен дарыгерлердин корутундусунун көчүрмөлөрүн ала алды.
Милиция зомбулук жөнүндө «билбейт»
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде анын мекемеси Елфимовага жасалган зомбулук тууралуу эч нерсе белбей тургандыгын айтты.
Милиционерлердин аракеттерине карата жазылган даттануу арызы Елфимованын жактоочусу Динара Муканбаева тарабынан Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн, бирок көзөмөлдөө органы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Муканбаева Kloop.kgге берген маегинде мүмкүн болгон сабоодон кийин соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлбөгөндүгүн жана бүгүн милиционерлер тараптан кыйноолордун болгонун далилдөө дээрлик мүмкүн эмес экенин билдирди.
Бирок коргоочу тарап психологиялык экспертизанын өткөрүлүшүн өтүнөт, анын жыйынтыгы баланын өсүүсүндөгү мүчүлүштүктөр анын апасына жасалган басымга канчалык деңгээлде байланыштуу экенин көрсөтүшү мүмкүн.
Буга чейин Елфимова эки жолу «уурулук» беренеси боюнча айыпталган жана эки жолу тең сот тарабынан күнөөлүү деп табылган болчу.
Авторлор: Айрин Абдракманова, Карина Дитковская жана Александра Ли