Жүк ташуу унааларынын айдоочулары «бажыдагы коррупцияга» каршы митингге чыгышты

Кыргызстандын жүк ташуу унааларынын айдоочулары алардын кытайлык кесиптештери Кыргызстандын аймагына белгиленген нормадан ашык салмактагы унаалар менен кирип жаткандыктарына нааразы болуп атышат. Алардын пикирлери боюнча, бул Кыргызстандын жолдорунун талкалануусуна алып келүүдө.

Жүк ташуучу унаа айдоочуларынын митингин уюштурган Жолдошбек Абдыкасымов унаалардын салмагын көзөмөлдөө менен алектенген министрликтердин кызматтары өкмөттүн салмакка чектөө киргизүү боюнча кабыл алган чечиминин аткарылышына көзөмөл жүргүзбөй жаткандыктарын билдирди.

Анын пикиринде, бийлик тараптан 44  тоннадан оор салмактагы унааларга киргизилген чектөөлөргө карабастан бажыдагы «коррупциядан» улам Кытайдын жүк ташуу унаалары Кыргызстандын жолдору аркылуу андан да оор жүктөр менен өтүүсүн улантып жатышат.

«Мунун баары коррупционерлердин оюнуна айланып кетти. Биз “Торугарт” менен “Эркештамда” терминалдар курулса дейбиз. Ал эмес өмүр бою согуш болуп келе жаткан Ооганстанда да терминалдар бар», — деп нааразычылыгын билдирди Абдыкасымов.

Жүк ташуу унаасынын айдоочусу Нуржигит Азимжанов Кыргызстандын бийлиги жолдорду сактоо тууралуу көп сөз айтканы менен ал боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүшпөйт деп эсептейт.

«Эгер Бишкек-Кытай унаа жолу талкалана турган болсо бул өкмөт чече албай турган чоң көйгөйгө айланат, анткени жолду калыбына келтирүү үчүн миллиардаган каражат талап кылынат. [...] эгер министрлер жөн гана эреженин аткарылышына көз салып турушса бул көйгөйлөр болбойт болчу», — дейт Азимжанов.

Транспорт министрлигинин Ири көлөмдөгү унааларга көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Бакай Айдаров Kloop.kgге берген маегинде оор жүктүү унаалардын салмагына киргизилген чектөөлөр жайдын ортосунан эмес, 1-октябрдан баштап күчүнө киргенин билдирди.

«Өкмөт токтомдун мөөнөтүн жылдырган, тактап айтканда, ал күчүнө кире элек болчу. 1-октябрда күчүнө кирди», — деп түшүндүрдү Айдаров.

Ал учурда оор жүктүү унаалардын салмагын чектөө үчүн «бардык чаралар көрүлүп жатканын» кошумчалады.

Кыргызстандын жол төшөлмөлөрүн сактоо максатында өлкөнүн жолдору аркылуу 44 тоннадан ашык салмактагы унаалардын жүрүүсүнө тыюу салуу чечими өкмөт тарабынан үстүбүздөгү жылдын жай айларынын ортосунда кабыл алынган болчу.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев