Аскаров жөнүндөгү тасмадан улам Чолпон-Атада «Бир Дүйнө» кинофестивалына тыюу салынды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясы тарабынан соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасмадан улам 2-октябрга белгиленген адам укуктары жөнүндөгү кинофестивалга тыюу салынды.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» кинофестивалынын уюштуруу комитети иш-чараны өткөрүү боюнча алардын Чолпон-Атанын бийлиги менен макулдашуулары болгонун, бирок фестивалдын командасы шаарга келген 1-октябрь күнү жергиликтүү бийлик тасмалардын көрсөтүлүшүнө тыюу салгандыгын билдирди.

«Алар тараптан [бийлик өкүлдөрү тараптан] фестивалдын тасмаларын шаарда көрсөтүүгө тыюу салуу жөнүндөгү чечимдин протокол алдын ала даярдалып кол коюлган. Мындай чечимдин кабыл алынышына “Азимжан Аскаров” тасмасы боюнча Бишкектеги чыр негиз болгон», — деп жазылган уюштуруу комитетинин билдирүүсүндө.

Фестивалдын уюштуруучуларынын айтымдарында, шаардыктар менен жоолукканда алар иш-чараны өткөрүүгө уруксат берилген күндө деле ал үзгүлтүккө учурай тургандыгын билдиришкен.

«Уюштуруу комитетине бийликтегилер фестивалды өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берген күндө деле ал баары бир үзгүлтүккө учурай тургандыгы билдирилген. Кинофестивалдын дарегине түрдүү коркутуулар айтылды, ошондой эле бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик бийлик тарабынан фестивалдын Чолпон-Атада өтүшүнө уруксат бериле турган болсо коркутуулар аларга да тиешелүү болоорун билдиришти», — деп жазылган пресс-релизде.

Фестивалды өткөрүүнү болжол менен 2013-жылдын ноябрына чейин жылдыра туруу чечими кабыл алынды. Иш-чаранын болоор-болбосу тууралуу акыркы чечим шаар бийлиги тарабынан, алар тасманы көрүп чыккандан кийин кабыл алынат.

Бул тууралуу айтып бере алчу жалгыз адам мэрдин кеңешмесинде болгондуктан азырынча мэрия эч кандай комментарий бербей эле.

«Ал жөнүндө Эркингүл эле [аппарат жетекчиси] билет, а ал азыр мэрдин иш бөлмөсүндө», — деп билдиришти муниципалитеттен.

Аскаров жөнүндөгү тасманын айланасындагы чатак

«Бир дүйнө» фестивалы бир ай бою Кыргызстандын бир нече ири шаарларында өтөт.

Фестивалдын сентябрда өткөн Бишкектеги бөлүгү укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшүнө каршы болгон белгисиз адамдардын басым жасоолору менен коштолгон.

Тасма көрсөтүлгөн 21-сентябрь күнү болжол менен 10 адамдан турган топ анын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан.

Нааразы болгондор тасма башталганда сахнага чыгып, экранды тосуп, тасманынын көрсөтүлүшүн токтотууну талап кылышкан.

Милициянын кийлигишүүсүнөн кийин алар залдан чыгарылган болчу. Анда көрсөтүүнү үзгүлтүккө учуратуу аракеттерине карабастан тасма аягына чейин көрсөтүлгөн.

Эки күндөн кийин кинофестивалдын калыстар тобу менен уюштуруучулары «чагымчылардын» бул аракеттери боюнча тергөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен милицияга кайрылышкан.

«Адилетсиз» сот

Аскаров — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан этникалык өзбек — өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен белгилүү, көбүнчө ал укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы күрөшүп келген.

Бирок ал 2010-жылы болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылыштан көп өтпөй эле милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деген айып менен кармалган болчу.

Аскаров милиционерди өлтүрүүгө катышкандыгы тууралуу атагылган күнөөлөрдү ар дайым четке кагып келген, бирок ага карабай соттун бардык баскычтары тарабынан ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бүгүнкү күндө ал жаза мөөнөтүн Бишкектеги абактардын биринде өткөрүп жатат.

Аскаровдун кесиптештери соттогу далилдердин бардыгы тең жалаң милиционерлердин көрсөтмөсүнөн куралгандыгын айтышып, сот процессин олуттуу сынга алышкан.

Аскаров ошондой эле кармалгандан кийин алгачкы айларда өзү дагы милиция тарабынан ырайымсыз кыйноолорго туш болгондугун айтып, бир нече жолу даттанган болчу.

Бул жылдардын аралыгында Кыргызстандын бийлиги Аскаровдун иши боюнча комментарий берүүдөн карманып, жарытылуу деле түшүндүрмө бербей келет — мисалы, президент Алмазбек Атамбаев ар дайым сот бийлигинин аракеттерине баа бере албастыгын айтып келүүдө.

Автор: Александра Ли