Бишкек: Милиционерлер документ текшерүүнү тартып алган үч адамды кармады

Милиция укук коргоо органдары тарабынан документтеринин текшерилишин телефондун видеосуна тартып алгандыктары үчүн үч бишкектикти кармады. Кармалгандардын досунун айтымында, Октябрь РИИБсинде алардын видеону өчүрүшү үчүн административдик ишти жаба тургандыктарын айтып убада берип жатышат.

Активист Айбек Баратов Kloop.kgге берген маегинде анын үч досу милиция кызматкерлери тарабынан өз батиринен кармалышкандыгын билдирди. Айтымында, милиционерлер батирге алардын документтерин текшерүү үчүн киришкен.

Окуя 1-октябрь күнү кечинде Бишкектин кичи райондорунун биринде болгон.

Баратов билдиргендей, милиция кызматкерлери досторунун коңшуларынын жардамы менен алардын батирине кирип барышкан.

«Негизинен эшикти коңшусуна ачышкан, а алар [милиционерлер] эшиктин артында жашынып турушуп, эшик ачылганда дароо барып бир тийип, документтерин талап кылып башташкан», — деди ал.

Батирде үч киши бар болгон жана милиционерлердин талабы боюнча өз документтерин көрсөтүшкөн.

Бирок батирдин жашоочулары окуяны мобилдик телефондун видеосуна тарта баштап, милиция кызматкерлеринен кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүнү өтүнүшкөндө тартип сакчылар адепсиз сөздөрдү айтып башташкан.

«Формачан кызматкерлер адепсиз сөздөрдү айтып, агрессивдүү болушкан. Балдар бул тартип бузууларды жана милиция кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтпөй койгондуктарын видеого тартып алгандыктан милиционерлер телефонду тартып алууга аракет кылышкан», — деп билдирди активист.

Иштин жабылышы үчүн видеону өчүрүү

Баратовдун айтымында, укук коргоо органдары телефонду тартып алууга аракет кылып жатып ноутбук жана башка тиричилик техникаларына да зыян келтиришкен.

«Жыйынтыгында, балдарды Октябрь РИИБсине алып кетишкен. Алардан эч кандай түшүндүрмө албастан эле тартып алган видеолорунун өчүрүлүшүн талап кылышкан. Бул үчүн алар ишти жаап, кое бере тургандыктарын айтып, убада беришкен. Балдар баш тартып коюшту», — деди Баратов.

Кармалгандарга каршы коомдук тартипти бузгандыктары жана укук коргоо органдарына баш ийбегендиктери үчүн кылмыш иши козголду.

Баратовдун айтымында, милиция кызматкерлери ал жерге батирдегилер чуулдап жаткандыгы тууралуу коңшуларынын даттануусунан кийин барышкан.

Милиционерлер үчөө тең кармоо маалында каршылык көрсөткөндүктөрүн айтып, далилдөөгө аракет кылып жатышат.

Баратов анын достору милиционерлерге каршы арыз жазып жаткандыктарын кошумчалады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев Kloop.kgге берген маегинде бул окуя боюнча анын мекемесине эч нерсе белгисиз экенин билдирди.

«Октябрь райондук милиция бөлүмүндө андай окуя катталган эмес», — деди Казыбаев.

Автор: Александра Ли