Үйлөнүү үлпөт кортежинин катышуучуларынын милиция менен мушташкандыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги кыймылды үйлөнүү үлпөт кортежи үчүн өз алдынча тосуп, андан соң Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү менен болгон массалык мушташка катышкан унаа айдоочусун кармады.

Жол кайгуул кызматкерлери менен үйлөнүү үлпөт кортежинин катышуучуларынын ортосундагы мушташ 30-сентябрь күнү Бишкектин түштүк бөлүгүндө болгон.

Милиционерлер мушташып жаткандарды ал жакка кошумча милиция кызматкерлери келгенден кийин гана арачалай алышкан.

ИИМдин маалыматы боюнча, мушташ BMW үлгүсүндөгү унаа үлпөт котежинен башка унааларды өткөрбөй, жол кыймылына тоскоолдук кылгандыгынан улам башталган.

«Ал жолду тосуп алган, анан бул башка унаа айдоочуларына жакпай калган. МАИ кызматкерлери [Жол кайгуул кызматынын эски аталышы] аны байкап калышып ага эскертүү беришкен», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, мушташты унаасын алуудан баш тарткан BMWнын айдоочусу баштаган.

«МАИ кызматкерлерине кол салуу болгон. Алардын бирөөсүнүн кийимин айрып ташташкан, кимдир бирөө тапанчаны сууруп алган», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Ал кортеждин айдоочусу менен жүргүнчүлөрү кошумча милиция кызматкерлери келгенден кийин да тынчыбай, мушташты улантышканын кошумчалады.

«Акыры аларды милиция бөлүмүнө алып келишти. Алардын бири — BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — кармалды», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголгон, азыркы учурда тергөө иштери менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгы алектенип жатат.

«Бүгүн же эртең соттун санкциясы болот, 234-берене боюнча кылмыш иши козголду. Дагы башка берене менен кошумча кылмыш иштеринин козголушу толук мүмкүн», — деди Осмонбаев.

Kloop.kgнин редакциясы окуянын кандай болгондугу тууралуу үлпөт кортежинин катышуучуларынын версиясын азырынча уга алган жок.

Автор: Айшоола Айсаева