Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары түнкү кафе-барга нааразылык билдирди

Ош шаарындагы жети кабаттуу уйдун жашоочулары  «Кристалл»  кафе- барынын үстүнөн мэрияга арыз менен кайрылышкан. Жергиликтүү бийликтер түнкүсүн иштеген мекемеге эскертүү берип, иштөө убактысын кыскартты.

Ош районундагы жети кабат үйдүн башчысы (домком) Хамро Рахманова бул үйдүн алдына түстүү оргума орнотулуп, маданий эс алуучу жайга айлантылганына сыймыктанат. Бирок, жолдун аркы жагындагы кафе-бар түнкүсүн көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына тынчтык бербей жатканына нааразылыгын билдирди.

Хамро Рахманова
Хамро Рахманова

«Борбордо жашагандыктан, ары-бери өткөн автоунаалардын үнү тынчыбайт. Үй алдында эс алуучулар түнкү 11-12ге чейин тарабайт, ызы-чуу болот. Бизге тынчтык керек да. Ал эми тушубуздагы "Кристалл" деген кафе-бардын таңкы саат 5ке чейин иштегени ашыкча. Мейли, 12ге чейин иштесин. Жумуштан чарчап келебиз, эс алалы десек, музыканын бийик үнү угулуп тынчтык бербейт»,-дейт Х.Рахманова.

Ушул эле үйдүн жашоочусу Нурсида Нуралиева түндө иштеген мекемелер балдарына терс таасирин тийгизеби деп кооптонот.

«Менин эки балам бар. Улуусу 12, кичүүсү 10 жашта. «Ал жерде эмне болуп жатат?»,- деп кызыгып сурашат. Музыканын үнү алардын көңүлүн тартып кетип жатат. Кафеден чыккан мастар орой сөздөр менен сөгүнүшөт, ал да балдарыма терс таасирин тийгизет»,- дейт Нурсида айым.

Кафе-бардын ызы-чуусу кечкисин сабак аткарууга да залакасын тийгизип жатканын айтты Аида Кадыркул кызы.

«Мен студентмин. Эжемдин үйүндө жашайм. Бөлмөм кафе тарапта болгондуктан, сабак аткаралбай, көбүнчө музыка угуп уктап калам. Канча аракет кылбайын, даңкылдактан оюңду топтой албайсын»,-деп билдирди Аида.

Бул көп кабаттуу үйдүн тургундары таңга маалга чейин тынчтык бербеген кафе-бардын ишин 12ге чейин кыскартууну жана тынчтыкты сактоосун талап кылып, Ош шаардык мэриясына арыз менен кайрылышкан.

Жашоочулардын арызын карап чыккан Ош шаарынын Өнөр жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгынын орун басары Улан Чонуев тийиштүү чаралар көрүлгөнүн белгиледи.

 Улан Чонуев
Улан Чонуев

«Бизде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сектору бар. Жети кабаттуу үйдүн жашоочулары жана «Кристалл» кафе-барынын администратору менен чогуу жолукканбыз. Ош шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 9-декабрында чыккан буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабай түндө иштеген бардык мекемелер жайкысын түнкү саат 11ге чейин иштеши керек. Бул  буйрук боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Буйрукка өзгөртүү киргизүунү сунуштап жатабыз. Кафе-бардын администратору түшүнүк кат жазып берген. Мындан кийин алардын үстүнөн арыз түшсө, аларга  жаза берилет»,-деди Улан Чонуев.

Кристалл» кафе-бары
"Кристалл" кафе-бары

Ал эми «Кристалл» кафе-барынын башчысы Саян Нурбек уулу көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын нааразылыктары эске алынганын жана кафе-бар түнкүсүн иштөө  мөөнөтүн кыскартканын белгиледи.

«Биз жаздан бери иштеп жатабыз. Жайда кечинде иштегенге өткөнбүз. Ага чейин күндүз эле иштечүбүз. Жайкысын ичи дем болуп, эшик-терезелер  ачык болчу. Ошондон музыканын үнү катуу угулуп жаткан экен. Эми суук түшкөндөн тарта эшик-терезелер жабылды. Азыр түнкү 2ге чейин иштеп жатабыз. Кээде болот, кээде  кардар күтүп олтуруп калабыз»,-деди мекеме жетекчиси.

Учурда жашоочулардан нааразалык  түшө электигин кошумчалады Саян Нурбек уулу.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Ош шаарында жарым миллиондой калк жашайт. Ондогон кафе-барлар түнкүсүн иштейт.

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева