Оштогу Тай-Цзи чыгыш өнөрү

Тай-Цзинин Ош шаарында жайылышына жыйырма жылга чукулдаган.  Чыгыш өнөрүнө машыктыруучу жайга  күнүнө жүздөй адам келет. Бул өнөрдү жашоо образына айлантып алгандардан чыгыш өнөрүнүн сырын сураштырдык.

61 жаштагы Нусахан Абдыкадырова Тай-Цзи өнөрүнө атайын Кыргыз-Чек айылынан келет. Пенсия жашындагы Нусахан  апа  ден-соолугун чыңдоонун аракетин көрүп жатканын айтат:

Нусахан Абдыкадырова
Нусахан Абдыкадырова

«Кошунам Гүлмирадан угуп, аябай кызыктым, ал мында 2 жылдан бери келет. Бутум ооруганынан атайын келдим. Уулум, келиним экөө Швейцарияда. Ал жакта йога менен машыгышат экен.Тай-Цзиге келишиме келиним да салымын кошту. Эми белим, бутум оорубай калды. Туура дем алууну, туура кыймылдоону  үйрөтөт. Ашыкча салмактан арылтат. Күндөн-күнгө өзүмдү жеңил сезип калдым»,-дейт Нусахан Абдыкадырова.

Ал эми мектеп окуучусу Акжайнак Кубанычбек кызы тай-цзиге келгенине аз убакыт болсо да, көнүгүүлөрдү жакшы өздөштүрүп кетти. Бул ийгилигине  агаларынын таасири тийгенин айтты:

Акжайнак Кубанычбек
Акжайнак Кубанычбек кызы

«Бир агам 7 жылдан бери, экинчиси 5 жылдан бери машыгат. Ошолор мени үгүттөштү. Келгенден бери арыктадым. Досторуму да чакырам. Тай-Цзи көнүгүүлөрүнөн көп чарчабайсың деле. Үйгө барып да кайталап турам. Устатыбыз «ар дайым жылмайып жүргүлө» деп  кеңеш берет»,-деди Акжайнак.

Мында келгендердин өңчөйү  ден соолугуна шыпаа издеп келгендер. ОшМУнун студенти Бактияр Орозали уулу жашоодогу максатын так билүүгө өбөлгө болгонун айтат.

Бактияр Орозали уулу
Бактияр Орозали уулу

«Мен Тай-Цзиге омурткам бүкүрүрөөк болгон үчүн келдим. Башка өнөрлөрдөн өзгөчөлүгү мында денени жай, акырындап ойготосуң, ийилчээк болосуң. Бир көнүгүүнү бир абалда кармап туруу адамдын эркин күчөтөт. Максатыңа, ойлогон оюңдун ишке ашышына жардам берет экен. Аң-сезимди өстүрөт»,-дейт Бактияр Орозали уулу.

Тай-Цзи - чыгыш өнөрүнүн  Ош шаарында жайылышына жыйырма жылга чукулдаган.  Кытай тилинен которгондо «тай»-улуу, «цзи»- чек дегенди түшүндүрөт. Бул өнөрдү Кыргызстанга Макен Исаков алып келген.

6 жылдан бери машыктыруучу болуп келе жаткан Нурасан Бакировдун айтымында Тай-Цзинин адамдарга физикалык гана эмес, рухий пайдасы да бар.

P1000731

«Бизге жаш балдардан баштап, пенсиядагы кишилерге чейин келет. Эң биринчи – ден-соолукка пайдасы зор. Стресс,  депрессиядан арылтат. Омуртка, грыжага, баарына жакшы натыйжа берет. Эң оболу адамда ишеним керек. Ички, сырткы терс энергияларды тазалайт. Мээни сергитет, муундарды жумшарат, медитацияда ойду токтотууну үйрөтөт»,- дейт Нурасан Бакиров.

Нурасан Бакиров
Нурасан Бакиров

Машыктыруучунун айтымында, Тай-Цзи 5 аспекттен турат: цигун (энергияны башкаруу), ден соолукту чыңдоо, медитация, философия жана жоокердик.

Ош шаарында чыгыш өнөрү – Тай-Цзиге күнүнө жүздөй адам келип катышат.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева