Министрликтин кароолчусу майыптардын акциясына «билбегендиктен» улам тоскоолдук кылган

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери 30-сентябрь күнү мамлекеттик мекемелердин имараттарынын алдына пандустарды орнотуу боюнча майып-активисттер тарабынан уюштурулган акцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Мекеме эгер кызматкери акциянын максаты тууралуу билгенде андай окуя болбойт болчу деп, ишендирүүгө аракет кылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Шабдан Рыскулов Kloop.kgге берген маегинде мекеменин кароолчусу имараттын алдында эмне болгон акция өтүп жаткандыгын билбегендиктен улам аны токтотууга аракет кылганын билдирди.

«Алгач ал эмне болуп жатканын жакшы түшүнбөй, биздин урматтуу майыптарыбыз чаптаган постерлерди сыйрып алып баштаган», — деди Рыскулов Kloop.kgге берген маегинде.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы пандустарды орнотуу үчүн мекеменин бюджетинде акча жок экенин кошумчалады.

Майып-активисттер ал акциясынын жүрүшүндө Бишкектеги бардык мекемелердин имараттарын кыдырып, андагы пандустардын бар-жоктугун же жарактуулугун текшеришкен.

Текшерүүдөн соң алар андагы пандустардын ыңгайлуулугуна, жарактуулугуна карап мекеме имараттарына жашыл же кызыл постерлерди чапташкан.

Майыптардын жашыл постерине, тактап айтканда, жакшы деген баасына болгону Башкы прокуратура менен Акыйкатчы институнун имараттары гана ээ болушкан.

Калган мамлекеттик мекемелердин имараттары терс деген баага татып, аларга кызыл постерлер чапталган. Ал эми эки мекеменин алдынан активисттер каршылык көрсөтүүгө дуушар болушкан.

Алардын бири Саламаттыкты сактоо министрлигинин имараты болгон – анда мекеменин кароолчусу чапталган постерлерди сыйрып, акциянын өтүшүнө тоскоолдук кылууга аракет кылган болчу.

Автор: Алекандра Ли