Сентябрь айынын аягында Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү менен мушташып кеткен үйлөнүү үлпөт кортежинин айдоочуларынын бири беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Тергөө аяктаганга чейин үлпөт котежинин айдоочусу туугандарынын кепилдиги менен бошотулду — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
Үлпөт кортежинин катышуучулары менен милициянын мушташы окуяны Бишкектин жашоочуларынын бири видеого тартып алып, аны интернетке жайгаштыргандан кийин коомчулуктун көңүлүн бурган.
Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, айдоочуга каршы бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду, мындай берене менен ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Осмонбаев колго түшүрүү маалында милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөндүгү үчүн айдоочуга айып тагылабы жокпу азырынча билбейт.
«Ошондой эле дагы башка берене боюнча кылмыш ишинин козголушу толук мүмкүн. Бирок бул жерде милиция кызматкерлерине баш ийбөө, каршылык көрсөтүү болгондугу даана көрүнүп турат. Мындай фактылар жазасыз калбашы керек», — деп эсептейт басма сөз кызматтын өкүлү.
Ал бул иш боюнча мушташтын башка катышуучулары да кармалышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
«Азырынча бирөө гана кармалды, окуянын калган катышуучулары такталып жатат. Алгач бир нече киши кармалган болчу. Алардын кайрадан кармалышы толук мүмкүн, бирок аны тергөө чечет», — деди Осмонбаев.
Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен үйлөнүү үлпөт кортежинин катышуучуларынын ортосундагы мушташ 30-сентябрь күнү Бишкектин түштүк бөлүгүндө болгон.
ИИМдин маалыматы боюнча, мушташ BMW үлгүсүндөгү унаа үлпөт котежинен башка унааларды өткөрбөй, жол кыймылына тоскоолдук кылгандыгынан улам башталган. Айдоочу Жол кайгуул кызматкерлеринин эскертүүсүнөн кийин милиционерлердин бирине кол салган.
Мушташтын катышуучуларын кошумча милиционерлер келгенден кийин гана ажырата алышкан. Андан соң милиция мушташтын катышуучуларынын бардыгын кармаган. Бирок көп өтпөй мушташты баштаган BMW унаасынын айдоочусунан башкасынын баары кое берилген.
Автор: Александра Ли