Орусия: Лотерея клубуна кол салган делинип эки кыргызстандык кармалды

Иркутск шаарында «Руслото» оюн клубун тоноого шектелип эки кыргызстандык кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда камакта.

Кыргызстандыктарга каршы «Талоончулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголду — бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Иркутск облусу боюнча башкы башкармалыгы билдирүүдө.

Орусия полициясынын маалыматы боюнча, 16-сентябрь күнү беткапчан кыргызстандыктар лотерея клубуна кирип барышып, андагы кирешени толугу менен алып кетишкен.

«Болжол менен эртең мененки саат 5:30дарда оюн залына беткап кийген белгисиз эки адам кирип келип, тапанча жана арматуранын кесиндиси менен коркутушуп, 270 миң рубль өлчөмүндөгү кирешени алып кетип калышкан. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө оюн клубун тоноого шектелгендер кармалышты», — деп жазылган мекеменин сайтында.

Кол салуудан кийин укук коргоо органдары алардын батиринде тинтүү жүргүзүшүп, андан пневматикалык тапанча табышкан.

Кармалгандардын бири уурдалган акчаны «жеке керектөөлөрүнө» жумшагандыктарын билдирген.

Учурда эки кыргызстандык тең убактылуу кармоочу жайда камакта, алардын баш коргоо чарасын белгилөө маселеси азырынча чечиле элек.

Kloop.kgнин кабарчысы кармалгандардын жактоочусу же алардын өкүлдөрү менен байланыша алган жок.

Бул талоончулук үчүн кыргызстандыктардын Орусия аймагында биринчи жолу кармалышы эмес — үстүбүздөгү жылдын июль айында Москвадагы кафенин официантына кол салгандыктары үчүн үч кыргызстандын кармалган болчу.

Анда алар 30 миң рубль өлчөмүндөгү кирешени алып,  качып кетишкен, бирок полиция тарабынан ошол эле күнү колго түшүшкөн.

Автор: Нуржамал Жаныбекова