«Ырыскысын» көчөдөн тапкандар

Ош шаарында кайыр сурап отургандардын саны 150дөн ашуун. Көпчүлүгү борбордук базар жана сейил бактарда тилемчилик кылышат. Милициянын эсеби боюнча, кайырчылардын 70%ын лөлү тектүүлөр, 20%га жакынын өзбек улутундагылар, 10%ын кыргыздар түзөт.

Беш жылдан бери кайырчылык менен  күн көрүп келе жаткан Адина Ош шаарындагы сейил бактын кире беришинде туруктуу орун–очок  алган. Аны дайым ушул жерден кезиктирүүгө болот. Таӊ эртеден келип, кечкисин жашаган жайына кетет.

Адина
Адина

«Мен бул жерде жайы-кышы отурам. Тапкан акчам өзүмдүн жанымды багууга жетет. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам албайм. Ушинтип күн көрөм»,- деди ал.

Адина майыптыгынан улам, күндө отурган жерине такси менен барып-келерин айтты.

«Бутум баспагандыктан, өзүм автобус жана маршруткага чыга албайм. Ошондуктан, таксиге түшүп келем. Айдоочулар мени сөйөп отургузушат. Сааркысын жол кире арзаныраак болот, ал эми кеч кайтканда кымбат»,- деди кайыр сураган Адина.

Нуркан
Нуркан

Ошол жерде соода-сатык менен  алектенген Нуркан да (толук аты-жөнүн айтуудан баш тартты) Адинага жардамдашарын белгиледи.

«Адинаны дайым карап, тамагын алып келип берип турам. Кечинде үйүнө да жөнөтүшүп  коем», -дейт соодагер.

Улук Байдиев
Улук Байдиев

Көчө боюндагы кайырчыларга  майда акча таштап өткөндөр да, көбүрөөк акча бергендер да бар.

Ош шаарынын тургуну Улук Байдиев  кайырчыга колунан келген жардамын берип турарын айтты.

«Бул аялдын тагдыры жөнүндө билем. Үй-бүлөсү жок, өзү батирде турат. Жалгыз кызы турмушка чыгып, өз тирилиги менен. Ошондуктан колумдан келген жардамымды берип турам»,- деди Улук.

Ал эми Оштогу борбордук базардын айланасында кайырчылык менен жан баккан Осмон аксакал да бутунан майыптыгы бар. Ал башка жумуш кыла албастыгын, тилемчилик кылып жанын багарын айтты.

«Бутуму үшүк алып кеткен. Өзүм баса албайм, арабага таянып араң кыймылдайм. Жумуш кылууга жарабайм.  Ошон үчүн көчөгө чыккам»,- деди 70тердеги карыя.

Осмон карыя
Осмон карыя

Осмон аксакал өзүнүн жеке тагдырын да баяндап берди.

«Үстүмдө үйүм бар. Бирок, балдарым таштап кеткен. Учурда жалгыз жашайм. Кемпирим 5 жыл мурда каза болгон»,- деди Осмон карыя.

Ал мамлекеттен пенсия аларын, ошону менен бирге эле документтеринин жоктугун да айтты.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө кайыр сурап отургандар көп. Арасында өспүрүм балдар да бар. Автоунаа тынымсыз жүргөн ири көчөлөрдө да кайыр сурап жүрүшөт.

Коомдук тартипти сактоо кызматкерлери тарабынан мезгил-мезгили менен рейддер жүргүзүлүп турарын Ош шаардык жана облустук ички иштер башкы башкармасынын басма сөз катчысы  Замир Сыдыков маалымдады.

«Ош шаарында тилемчилик кылгандардын өңчөйү борбордук базарда жана сейил бактарда. Кайырчылардын 60-70%ын лөлү тектүүлөр, 20%га жакынын өзбек улутундагылар, 10%ын кыргыздар түзөт»,- деди З.Сыдыков.

Кайырчылык менен алектенгендер тууралуу элдин пикири ар түрдүү:

Сайит, Ош шаарынын тургуну:

Сайит
Сайит

- Жанымда канча майда акча болсо, кайырчы көрсөм таштап өтөм. Улутуна, жашына, аял-эркегине деле карабайм. Соопчулук үчүн деп.

Чолпон, базарда соодагер:

- Мен жалаң гана майып адамдарга тыйын берем. Алты саны аман туруп кайыр сурагандарга терс көз караштамын.

Сайкал, ОшМУнун студенти:

- Кайырчыларга мен акча бербейм. Себеби,  алар да иштеп акча тапса болот.

Нуржигит, Баш-Булак айылынын тургуну:

- Акчам болсо, берем. Жок болсо, жок да.

Ош шаарында кайыр сурап отургандардын саны 150дөн ашуун. Бейрасмий маалыматтар боюнча, өлкөдө тилемчилердин саны 1000ге чукулдайт.

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева