Жаңы акыйкатчы Аманбаев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Бактыбек Аманбаев парламенттеги добуш берүүнүн экинчи турунда Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы болуп шайланды. Бул арада социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары депутаттын иниси экендигинен башка Аманбаев жөнүндө эмнелер белгилүү экендиги тууралуу суроо салып жатышат?

«Кто есть кто» маалымдамасындагы маалыматтарга ылайык, Бактыбек Аманбаев 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин аяктаган. Төрт жылдан кийин саясат таануу адистиги боюнча аспирантураны бүтүргөн.

2010-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Аманбаевдин анкетасына ылайык, ал кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүйлөй билет — 1999-жылы котормочу болуп иштеген, ал эми 2012-жылдын июнунан декабрына чейин АКШнын Джорджия штатындагы Кеннеси университетинде окуган.

Бир нече жолу массалык коммуникация тармагында иштеген — 2000-жылдан баштап «Азаттык» радиосунун Париж кеңсесинде кабарчы, андан соң 2005-жылдан 2007-жылга чейин Улуттук телерадиокомпаниянын (УТРК – азыркы КТРК) жарнамалык-коммерциялык бөлүмүнүн директору болуп эмгектенген.

Ошондой эле эки жолу гезиттик басылмалардын — алгач 2010-жылы «Саясат пресс», андан кийин 2013-жылдын мартынан баштап «Айыл деми» гезиттеринин башкы редакторлук кызматын ээлеген.

Саясий кызматтары

Өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн 2000-жылы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу кеңешинин депутаттарынын биринин улук кеңешчиси катары баштаган — бул кызматында ал 2004-жылга чейин иштеген.

Аманбаевдин саясатка байланышкан кийинки кызматы 2010-жылы болгон — анда ал Оштун вице-мэри болуп дайындалган.

Анын бул кызматка дайындалышы Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуу болгон мезгилге туура келген.

Аманбаев вице-мэр кызматында бир жылдан ашык иштеген жок. Ал жабыр тарткан калкка гуманитардык жардам бөлүштүрүп берүү жолдору боюнча Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен бир пикирге келе албай урушуп кеткен.

Аманбаевдин акыйкатчы болуп шайланганга чейинки ээлеген акыркы саясий кызматы – парламенттин басма сөз кызматынын башчысы болгон, ал жакта 2011-жылдан 2012-жылга чейин иштеген.

Урматтуу окурмандар, жаңы шайланган акыйкатчы сиздерге э/неси менен белгилүү? Ага кандай мүнөздөмө бере аласыздар? Өз пикирлериңиздерди төмөнкү жактагы пикир калтыруу бурчуна калтырсаңыздар болот.

Автор: Эльдияр Арыкбаев