Акыйкатчы институту Акундун ачкачылык акциясынын чын экендигинен күмөн саноодо

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мурунку башчысы Турсунбек Акундун ачкачылык акциясы «шек туудуруп» жатканын жана «чыныгы саясий акция» экенин билдирип жатышат.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын эксперти Темирбек Кожомкулов Kloop.kgге берген маегинде анын мурунку башчысы Турсунбек Акундун ачкачылык акциясы — «шек туудуруп» жатканын билдирди.

«Анын ачкачылык жарыялаганына өтө көп болуп кетти. Бирок аны карап жаткан адамдардын пикирлери боюнча, кээ бирде анын абалы шек туудуруп жатат. Ал ачкачылыкты саясий мотивде, сыртынан жарыялаган окшойт», — деди Кожомкулов.

Акыйкатчы институтунун кызматкери мурунку башчысынын кызматтан алынгандан бери иш бөлмөсүнөн кетпей жатышы кесиптештеринин «кыжырын келтирип жатканын» билдирди.

Кожомкулов буга чейин ачкачылыктан улам Акундун ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу ММКлар тараткан маалыматтардын «ырасталбагандыгын» кошумчалады.

«Вечеркада» («Вечерний Бишкек» гезитинде) анын ооруканага жаткырылгандыгы жөнүндө билдирүү пайда болгон, бирок андай маалыматтар жок, алар ырасталган жок. Ал имараттан чыккан, туугандары бир жакка алып кетишкен, үйүнө болсо керек. Анан эртең менен баласы кайра алып келди», — деди ал.

Акун өз иш бөлмөсүндө ачкачылык акциясын улантып жатканда парламент акыйкатчылык кызматка «Айыл деми» гезитинин редактору Бактыбек Аманбаевди шайлаган, ал жаңы кызматына 3-октябрдан баштап киришти.

Журналисттер Аманбаев акыйкатчы болуп шайланаары менен дароо эле эгер Акун аны жаңы иш бөлмөсүнө кое бербей койсо эмне кылаары тууралуу суроо беришкен. Жаңы акыйкатчы: «Мен аны иш бөлмөдөн кууп чыкпайм. Акунду көптөн бери билем, ошондуктан биз жөн гана сүйлөшөбүз жана ал баарын түшүнөт», - деп жооп берген.

Өз кезегинде Акун Аманбаев андан иш бөлмөсүн бошотуп берүүнү талап кылбай турганына ишенет.

«Мен Бакытты жакшы билем, аны сыйлайм. Ал жакшы бала, мени байкеси катары сыйлайт, ал бул жакка келбейт. Ага карата басым жасалса гана келет. Мен көчөдөгү бирөө эмесмин да, мен Кыргызстанда демократиянын орношуна бир топ салым кошкон белгилүү инсанмын», — деп билдирди Акун.

Акун азырынча мурунку кол алдындагылардын күмөн саноосу боюнча комментарий бере элек.

Ал парламенттин чечими менен 27-июнда — формалдуу түрдө криминал авторитети Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар делинип кызматынан четтетилген болчу.

Акун сентябрдын ортосунда өз иш бөлмөсүнө бекинип алып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Ал акцияны качан Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар чиновниктердин баары кызматтарынан кеткенден кийин гана токтотоорун билдирген.

Бир катар парламентарийлердин билдирүүлөрү боюнча, Акундун абалы «чукул начарлап кеткен» жана ал ооруканага жаткырууга муктаж.

Автор: Нуржамал Жаныбекова