Грузиянын ИИМи: Грузияга каршы жихадга үндөө тасмасынын автору кыргызстандык болгон

Грузиянын Ички иштер министрлиги Ооганстандагы грузин аскерлерин өлтүрүүгө үндөгөн чакырыктар тартылган видеонун автору Абхазияда жашаган кыргызстандык жаран экенин билдирди. Ага каршы кылмыш иши козголду, учурда анын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Грузия полициясы өлкөгө каршы согушка үндөө чакырыктары тартылган видеотасма Кыргызстандын жараны, 24 жаштагы Самар Чокутаев тарабынан жарыяланганын билдирүүдө.

Тасмада Ооганстандагы  грузин аскерлерине каршы жихадга үндөө чакырыктары айтылган.

Чокутаевге каршы «теракт жасоого чакырыктар камтылган маалыматты тараткандыгы» үчүн кылмыш иши козголду.

Тблисинин шаардык соту баш коргоо чарасы катары ага сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды.

3-октябрда Грузиянын Ички иштер министри Ираклий Гарибашвили кыргызстандык жаранга эл аралык издөө жарыялангандыгын билдирди. Азыр анын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Kloop.kgге  берген маегинде аларга Чокутаев жөнүндө жана анын кайсыл жерде экендиги белгисиз экенин билдирди.

Полициянын версиясы боюнча, Кыргызстандын жараны Абхазиянын борбору Сухуми шаарындагы телекоммуникациялык компаниялардын биринде иштеген. Абхазия өзүн-өзү жар салган көз карандысыз мамлекет, бирок Грузия аны өз аймагы катары эсептеп келет.

Жогорку квалификациялуу IT-адис

Грузин полициясынын версиясы боюнча, Чокутаев терактка үндөгөн чакырыктар тартылган видеотасманы грузин мобилдик операторлорунун сим-карталарын пайдалануу менен жарыялаган – сим-карталарды ал USB-модем аркылуу интернетке кирүү үчүн колдонгон.

Чокутаев ал сим-карта жана USB-модемдердин жардамы менен Малайзия сервери менен байланыш түзүп, тасманы дүйнөдөгү эң популярдуу YouTube видео-сервисине жайгаштырган.

«Чакырыктар тартылган видеотасманы ал кеңселердин (Тблисидеги) роутерлери аркылуу жүктөгөн. Мындай жол менен ал кылмыш ошол кеңселерге жакын аймакта болгондой элес калтырууга аракет кылган», — деп билдирди Грузия ИИМи.

Грузин полициясы Чокутаевди жогорку класстагы IT-адиси деп атап жатат.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: Тасмада үрөй учурган кадрлар жана зомбулукка үндөгөн чакырыктар бар. Kloop.kgнин редакциясы тасманы авторунун көз карашын бөлүшпөстөн, таанышуу үчүн гана жарыялады.

Авторлор: Шерзод Бабакулов, Нурия Рыскулова жана Дильшад Камирдинов.

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды