Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жумуш көйгөйү

Көзү азиздер коомунун Оштогу бөлүмүндө 500дөй адам каттоого алынган. Алардын 70тейи жумушчу аталганы менен, учурда 15 чактысына гана ылайык иш бар. Эгер мамлекеттик буюртма болуп турса, баары иш менен камсыз болмоктугун айтат коомдун жетекчиси.

Роза Жороева Оштогу Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун окуу-өндүрүш ишканасында  иштейт. Ал 30 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенет. Төшөк-жууркандан тарта сүлгү жана кышкы жылуу кол каптарды тигет.

Роза Жороева
Роза Жороева

«Өнөр үйрөнүп алган экем, ушунун артынан нан таап, күн өткөзүп жатабыз. Айлыгыбызды убагында эле алабыз. Анткен менен, иш ар дайым боло бербейт. Качан буйрутма болгондо гана иштейбиз, а калган убакта үйдө олтурабыз»,-дейт Роза айым.

Оштогу  Кыргыз азиздер коомунун атайын ишканасы бар. Ал жерде төшөнчү орун, шейшеп ж.б. тигилет.

Ишкананын жетекчиси Жапарбек Кожокеев маалымдагандай, мында 70тей адам жумушчу катары катталган.

Жапарбек Кожокеев
Жапарбек Кожокеев

«Бул ишкана 1954-жылы Союз кезинде уюшулган. Ошол убакта бизге абдан жакшы көңүл бурулчу. Азыр болсо андай эмес. Ар дайым өзүбүз келишим түзүп, аракет кылып эле иштин артынан жүгүрмөй. Келишим болбой калганда олтуруп калабыз. Кээ бир учурда ишканалар туура эмес тушүнүшөт, көбүнчө арзанына качырышат. Анткени, биздики кымбатыраак, бирок ошого жараша аябай сапатуу. Азыр бизде жалпы 68 адам катталган болсо, алардын 12-15и гана иштейт»,- дейт Ж.Кожокеев.

Ишкана жетекчиси эгер мамлекеттик буюртма болуп турса, жумушчулар мезгил-мезгили менен ишсиз отуруп калбастыгын белгилейт:

DSC_0364

«Быйыл март айында бизге госзаказ тууралуу  Жогорку кеңеште маселе каралды эле. Бирок, азырынча чечиле элек. Биз үмүттөнүп жатабыз, ошол иш аткарылса 68 адамдын баары жумуш менен камсыз болмок»,- деп билдирди  Оштогу көзү азиздер коомунун окуу-өндүрүш ишканасынын жетекчиси Жапарбек Кожокеев.

Кыялбек Тургунбаев
Кыялбек Тургунбаев

Баш мыйзамда жазылгандай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер башкалар сыяктуу эле билим алууга, жумушка орношууга укуктуу.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Баш-Булак айылынын тургуну  Кыялбек Тургунбаев мындан 15 жыл мурун кырсык болуп, бир колунан айрылган. Бирок, ал жогорку билим алып, бүгүнкү күндө өз айылындагы орто мектепте  биология мугалими болуп эмгектенет.

«Мен  2005-жылы  ОШМУну бюджеттик  негизде аяктагам. Окууга кирүүдө да  жумушка орношууда да кыйынчылык болгон жок. Жумушум өзүмө жагат. Айлык маянам канааттандырарлык эле. Келинчегим, эки кыз, бир уулум бар, Кудайга шугур»,-дейт Кыялбек Тургунбаев.

Кыялбек Тургунбаев окуучулар менен
Кыялбек Тургунбаев окуучулар менен

Анткен менен, майыптыгы бар көптөгөн жарандар жумуш менен камсыз болушкан эмес.

Ноокен районунун тургуну Шамши Нурдинов мамлекеттик жумушта иштебейт. Ал мал жандыктарын көбөйтүп, дыйканчылык менен тирилик кылат. Кышкы суукта колу-бутун үшүк алып, медициналык кийлигишүү менен манжаларын кесип таштап, жаны аман калган.

«Мен айлык бере турган жумушка орношууга өзүм аракет деле кылбадым. Себеби, алты саны амандар деле ишсиз жүрбөйбү. Мага кайдагы иш? Бала-чакам чоңоюп, ишке жарап калды. Азын-оолак малыбыз, дыйканчылык талаабыз бар. Ошо менен жан багабыз»,-деди Ш.Нурдинов.

Адистердин айтымында, Кыргыз Республикасынын «Эмгек кодексинин» негизинде мүмкүнчүлугү  чектелген адамдарга айрым жеңилдиктер каралган.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  оор жана ден-соолука зыян келтирүүчү жумуштарга тартылбайт. Алар түнкү кезметке иштетилбейт,  жумуштан  бир саат эрте бошоо жеңилдиги да бар. Жумуш берүүчү менен келишимдин негизинде иштешет»,-деп белгиледи Алай жана Чон-Алай райондорунун мамлекеттик инспексиясынын  эмгекти коргоо боюнча инспектору Миражидин Эгембердиев.

Көзү азиздер коомунун Оштогу бөлүмүндө 500дөй адам каттоого алынган. Бейрасмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда мүмкүнчүнчүлүгү чектелген  адамдардын жалпы саны 140 миңге чукулдайт.

Автор: Сайкал Нийзанова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева