Оштогу борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт

 

Бүгүн Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы автобазардын курулушунун экинчи этабы ачылды. Мында автоунаалардын  тетиктери сатылат.  Буга жакалаш дагы 30 гектар аянт өздөштүрүлүп, кийинки жылдын аягына чейин Ош шаарындагы борбордук базар толугу менен көчүрүлүү мерчемдеген.

Базар курулушунун ачылыш аземине жергиликтүү бийлик башчылары, шаардыктар жана жеригиликтүү тургундар катышты.

Жапалак тургундары базар ачылышында
Жапалак тургундары базар ачылышында

Мэр Мелис Мырзакматов автотетик сатуучу базардын мында жылдырылышы менен шаар ичи бытырандыдан бир топ арыларын  белгиледи.

«Ак-Бууранын боюндагы базар да ушул жакка көчөт. Мен дайым айтам, Ак-Бууранын боюндагы базарды жылдырбасак Ош шаары өнүкбөйт деп. Ал жерде  азык-түлүк, кийим баары аралаш сатылат.  Эгерде тоскоолдуктарга карабай базарды жылдырсак, 350 млн сом жергиликтүү бюджетке түшөт экен. Ошондуктан  баарыбыз аракет кылалы»,-деди шаар мэри.

Ачылыш аземи
Ачылыш аземи

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жер тилкеси мурда каралбай, камыш басып жатчу экен.

Жапалак айылынын тургуну   Момуш Жумабаев базардын мында көчүрүлүшүн колдой тургандыгын айтты.

«Аябай кубанып жатам, эми базар ушул жакка көчөт деп жатышат. Анда жакшы болор эле, биз да жыйнаган түшүмдөрүбүздү ушул жерде сатар  элек»,-деди Момуш аксакал.

Мэр Мелис Мырзакматов жана аксакалдар кызыл тасманы кести
Мэр Мелис Мырзакматов жана аксакалдар кызыл тасманы кести

Базардын бул жерге курулушуна каршы болгондор да бар.

Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин төрагасы Таалай Сабиров тоскоолдуктарга карабай базар «Жапалак» айылына жылдырылып жатканын айтты.

Ушул аймактан 30 гектар жерге борбордук базар салынат
Ушул аймактан 30 гектар жерге борбордук базар салынат

«Мындан  2-3 жыл мурун эч ким ойлобойт эле бул жерди базар болот деп. Шаарыбыздын эле тургундары базардын көчүрүлүшүнө  бут тосуп, акча сунуштап  көруштү. Бирок биз убада берген элек, убадабызга туруп, базарды жылдыра баштадык»,-деди Т.Сабиров.

Жергиликтүү бийликтер белгилегендей, 2014-жылдын аягына чейин Ош шаарындагы борбордук базар толук бойдон Жапалак аймагына көчүрүлөт.

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева