Жашы жете элек өспүрүмдөрдү зордуктоо үчүн каралган жазаны катаалдатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламент тарабынан акыркы, үчүнчү окууда жактырылды. Өзгөртүүлөргө ылайык, кылмыш үчүн максималдуу жаза мөөнөтү 20 жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин көбөйтүлөт.
Парламент акыркы, үчүнчү окуусунда депутат Турсунбай Бакир уулунун педофилдерге карата жазаны катаалдатуу жөнүндөгү демилгесин жактырды.
Бул мыйзам долбооруна ылайык, эми алар он жылдык эркинен ажыратуу жазасынын ордуна өмүр бою эрктеринен ажыратуулары мүмкүн, ошондой эле соттолгондорго карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга тыюу салуу тартиби иштейт.
«Көрсөтүлгөн адамдардын билим берүү тармагында, жашы жете элек өспүрүмдөрдү тарбиялоо, алардын эс алуусун уюштуруу, медициналык камсыздоо жана социалдык коргоо тармактарында ишмердүүлүк жүргүзүүлөрүнө жол берилбейт», — деп жазылган парламенттин сайтында.
Кылмыш кодексине ылайык, учурда эрезеге жете элек (14 жашка толо элек) өспүрүмдөрдү зордуктагандыгы үчүн кылмышкерге 10 жылдан ашык мөөнөткө камоо же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.
«Буга байланыштуу учурдагы сот системасында кылмыш курамын азайтып коюу байкалып жаткандыгын, андан улам чыгарылып жаткан өкүмдөрдүн жумшартылып атканын эске алуу менен жогорудагы кылмыш үчүн жазаны 20 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратууга чейин катаалдатуу сунушталууда», — деп жазылган парламенттин сайтында.
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов жазаларды күчөтүүнү — «жөн гана элге көрсөтүү» үчүн жасалууда деп эсептейт.
«Кылмыштуулук менен күрөшүүдө кылмышкердин сөзсүз түрдө жазаланышы жана укук коргоо органдарынын иштеринин эффективдүүлүгү маанилүү. Жазаларды күчөткөндөн көрө укук коргоо органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу керек», — деп эсептейт Токтакунов.
Анын айтымында, бул жерде жаза эч кандай «роль ойнобойт».
«Андай кылмыштарга барган адамдар негизинен таптакыр колго түшпөөгө аракет кылышат», — деп белгиледи Токтакунов.
Мыйзам долбоору парламентте бардык окуудан өттү, президент кол койгондон кийин өз күчүнө кирет. Өлкө башчысы демилгени он күндүн ичинде карап чыгышы керек.
Акыркы жылдары педофилдерге карата жазаны катаалдатуу маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда педофилдерге карата химиялык бычууну колдонуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алышкан, бирок президент ал демилгени колдогон эмес жана мыйзам долбооруна кол койбой койгон.
Депутат Данияр Тербишалиев педофилдерди бычуу сунушун киргизген, бирок мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети ал сунушту четке каккан болчу.
Автор: Шахида Дүйшеева