Ош шаары 3013 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн, 5-октябрь, Ош шаарынын күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар жаңы курулчу эстакада көпүрөгө капсула коюудан башталды. Андан кийин Амир-Темир кичи районундагы орто мектептин ачылыш аземи болду. Майрамдык салтанат кечинде борбордук аянтта өттү.  Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, эл өкүлү Бөдөш Мамырова жана жергиликтүү бийликтер шаар күнү менен куттукташты.

Эстакада көпүрөгө капсула коюу
Эстакада көпүрөгө капсула коюу

Ош шаарынын вице–мэри Дастан Ходжаев шаар күнүнө карата бир катар социалдык объекттердин ачылышы болгонун белгиледи.

«3-октябрдан  баштап шаарыбызда 23 социалдык объект ачылды. Ал эми сейил бактарда куурчак театры спекталь тартуулап, сүрөтчүлөрдүн жана өнөрпоздордун көчмө галереясы көрсөтүлдү. Кечкисин жыйынтыктоочу иш чарада от эффектерине көбүрөөк  көңүл бурулду»- деди Ходжаев.

Ош шаарынын 3013 жылдык мааракеси быйыл өзгөчө өтүп жатканын маданий иш-чаранын уюштуруучусу, режиссер Туратбек Муратов баса белгиледи.

 Туратбек Муратов
Туратбек Муратов

«Майрам салтанатында катышуучу окуучулардын саны былтыркыдан бир нече эсеге көп. Барабан шоусу, цирк жанры, лазердик шоу, самын шарчаларын учуруу, мына ушулар менен өзгөчө болууда. Мындан сырткары ырчы-бийчилер өз өнөрлөрүн  тартуулашты. 200дөй комузчу-ырчы тартылган»,-деди Туратбек Муратов.

Алтынай Осмоналиева
Алтынай Осмоналиева

Борбордук аянтта майрамдык бийлерин тартуулаган «Арууке» тобунун жетекчиси Алтынай Осмоналиева Ош күнүнө карата жаңы бий иштеп чыгышканын белгиледи.

«Бийчи кыздар менен жакында эле Түркияга барып өнөрлөрүбүздү тартуулап келдик. Шаарыбыздын майрамына карата жаңы форма тиктирдик, жаңы бийлерди даярдадык»- дейт Алтынай Осмоналиева.

 Мээрим Топчубаева
Мээрим Топчубаева

Ош шаарынын майрамы көңүлдүү өтүп жатканын шаар тургуну Мээрим Топчубаева белгиледи.

«Инилерим, сиңдилерим менен майрамдоо үчүн чыктым. Сыналгыдан уктум эле өзгөчө болоорун. Акыркы 2 жылда шаарда чоң өзгөрүш болду. Бир нече имараттар курулду, биз аябай кубанычтабыз жана дагы да көптөгөн жаңы ачылыштарды күтөбүз»,- деди Мээрим Топчубаева.

7

Бул күнү майрамга карата 109-маршруттук каттам шаардыктарды акысыз ташыды. Кечкисин жаштар үчүн бий кечеси уюштурулду. Бир катар булактар маалымдагандай, майрамга 10 миңдей адам катышты.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева