Акыйкатчы Аманбаев сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укуктарын коргойт

Жаңы шайланган акыйкатчы Бактыбек Аманбаев лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөрдүн (ЛГБТ) укуктарын коргой тургандыгын билдирип убада берди. Укук коргоочулар Аманбаевдин бул ниетин колдоп жатышат.

Аманбаев Kloop.kgге берген маегинде гейлер, лесбияндар, бисексуалдар жана трансгендүүлөр сыяктуу адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын да өлкөнүн башка жарандарыныкындай эле укуктары бар болгондуктан алардын укуктарын коргой тургандыгын билдирди.

«Мага анын ким экендиги маанилүү эмес, негизгиси ал биздин республиканын жараны,ошондуктан мен анын укуктарын коргошум керек», — деди Аманбаев.

Ал алгач ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо боюнча Кыргызстандагы жагдай менен таанышып чыгуу ниети бар экенин кошумчалады.

Адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын укуктарын коргоо менен алектенген «Индиго» уюму жаңы акыйкатчы убадаларын аткарып, башка укук коргоо уюмдары менен кызматташууну жөнгө сала алат деген үмүттө.

«Акыйкатчылар алгач башында дайыма кызматташууга даяр экенин айтышат,бирок ар дайым эле айткандары аткарыла бербейт.Биз бул кишинин адам укугун коргоо тармагында жакшы пайдубал түзүп кетээрине чын жүрөктөн үмүт артабыз», — деди «Индигонун» адвокация бөлүмүнүн башчысы Руслан Ким Kloop.kgге берген маегинде.

«Лабрис» укук коргоо уюмунун адвокация бөлүмүнүн жетекчиси Вероника Юрьева Амановдун ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо ниети бар экенине кубанычта.

«Кыргызстанда адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын укуктарынын бузулушун токтотуу керек — акыйкатчынын жардамы ЛГБТ уюмдары үчүн, жалпы эле ЛГБТ коомчулугу үчүн өтө зарыл. Акыйкатчы адам укуктарын кайсы бир белгилерине карабастан коргошу керек», — деп эсептейт ал.

Юрьева Кыргызстанда сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укуктары «өтө көп» бузулаарын кошумчалады — айтымында, алардын укуктары көбүнесе укук коргоо органдары тарабынан бузулат.

«Милиция тараптан кемсинтүү, опузалоо, коркутуу, мыйзамсыз кармоо, арыздарын кабыл алуудан баш тартуу, физикалык жана сексуалдык зомбулук сыяктуу укуктары бузулган учурлар кездешет», — дейт «Лабристин» өкүлү.

Өз кезегинде жаңы шайланган акыйкатчы Kloop.kgге берген маегинде милиция тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарынын бузулушу менен «мыйзам чегинде» күрөшө тургандыгын билдирди, бирок ал кантип, кандай жол менен күрөшөөрүн тактап айтып бере алган жок.

Аманбаев акыйкатчы болуп парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 3-октябрда шайланган болчу.

Ал адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын укуктарын коргой тургандыгы жөнүндө алгач 24.kg маалымат агенттигине билдирген — балким гейлер, лесбияндар, бисексуалдар жана трансгендүүлөргө да «башкы укук коргоочунун жардамы керектир», «демек, көмөктөшүү керек», - деп айткан ал.

Авторлор: Шерзод БабакуловДильшад Камирдинов жана Нурия Рыскулова