Ош: студенттердин көптүгүнөн батирдин ижара акысы көтөрүлдү

 

Ошто 10дон ашуун жогорку жана орто окуу жайда 60 миңдей студент билим алат. Алардын жарымынан көбү батирде ижарада турушат. Бул жылы ижара акысы дээрлик эки эсеге кымбаттаганына студенттер нааразы.

Дурус учурда айылдаштары менен батирде турат. Ата-энесинин берген акчасы жетпегендиктен, кээ күндөрү ачка каларын жашырбайт. Ал  батирдин баасынын көтөрүлгөндүгүнө нааразы.

Дурус Таалайбеков
Дурус Таалайбеков

«Биз 2 бөлмөлүү батирде 6 адам жашап, ар бирибиз 1,5 миң сомдон төлөйбүз. Ата-энем ченелүү эле акча берет. Аны тамак-ашка, түштөнүүгө батирге  араң жеткирип жатам. Батирдин баасы төмөндөсө студенттер үчүн жакшы болмок. Үйүн ижарага бергендердин көпчүлүгү аз-маз ремонт кылымыш болуп, бааны көтөрүп ийишет»,-дейт Дурус Таалайбеков.

Азыркы учурда үйү барлардын көпчүлүгү бир бөлмөсүн ижарага берип бизнес кыла баштаганын  айтат ОшМУнун студенти Диана Эрматова. Үй ээлери менен чогуу жашоо студенттерге  бир топ тоскоолдуктарды жаратарын айтат:

Диана Эрматова
Диана Эрматова

«Биз коммуналдык төлөмдөн сырткары айына 1300сомдон төлөп, бир бөлмөдө 4 кыз жашайбыз. 1-курсттар келгенге, суроо-талап көп болуп, батирин ижарага бергендер үчүн сезон болуп жатат»,- дейт Диана Эрматова.

Буга чейин батирдин ижара акысы бир топ төмөн болгондугун студенттер айтып келишет. Өткөн жылдагыдан эки эсеге көтөрүлгөнүн белгилешет.

Ош технологиялык университетинин Кибернетика жана маалымат технология факультетинин деканынын орун басары Жоомарт Мартишаков студенттердин көптүгүнөн жатаканада орун тартыш болгондугун айтат.

Жоомарт Мартишаков
Жоомарт Мартишаков

«Биздин университетте жатаканалар ар бир факультетке бөлүнүп берилет. КИТ факультеттинде 1 миңге жакын студент бар. Биздин бөлүмгө быйыл 38 гана орун бөлүндү. Жатаканага чыккан студенттердин саны көп. Биз башка окуу жайлардын студенттерин алган жокпуз, өзүбүздүн студенттерге  жетпей жатат. Батирдин кымбаттыгынан көпчүлүк студенттер жатаканага чыгышты»,- деди Ж.Мартишаков.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинде жатаканалардын 1-кабаттары чет жактан келген студенттерге берилип жана студенттер профилакториялары ачылган. ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замир Бөжөнов арыз менен кайрылган студенттердин дээрлик баары жатакана менен камсыз кылынганын айтты.

Замир Бөжөнов
Замир Бөжөнов

«Бизде жалпысынан 1679 орунду 8 жатакана бар. Анын ичинен 1646 орунга студенттер жайгашты. Дагы келип жатышат. Жетпей калган студенттерди 3төн жашаган студенттердин макулдугу менен 4- кылып  киргизип, бардыгын жатакана менен камсыз кылганга аракет кылып жататбыз. Мурунку жылы 200-300 орун бош калса, быйыл батирдин баасы жогорулагандыгынан, жатаканага болгон суроо-талап көбөйдү» -дейт Замир Бөжөнов.

Үйүн ижарага берген Зульфиянын айтымында, быйыл сатылуучу үйлөрдүн наркы өскөн. Былтыр 1 бөлмөлүү үйдүн баасы 12 миң АКШ долларын түзсө, быйыл 18 миң долларга чейин жеткен. Буга турак жайдын аздыгы, сатып алуучулардын көптүгү түрткү болгон.

«Менин үйүмдө бардык шарттар бар. Жакында толук ремонттон өткөрдүм. 2 кабаттуу 7 бөлмөлүү жер үйдүн ашканасы, эс алуучу жайлары бар. Мен ал үйгө 40 кыз киргизем. Айына 2 миң сомдон . Кааласа интернеттен пайдаланышса да болот»,-дейт Зульфия.

Жаштардын турак-жай менен камсыз болушу туурасында жергиликтүү бийлик органдарына кайрылганыбызда, Муниципалдык менчик башкармалыгы менен Ош шаардык мэриянын турак-жай бөлүмү бири-бирине шылтады. Шаар калкынын саны жана канча көп кабаттуу үй бар экендиги тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартышты.

Ош шаарында 10дон ашуун жогорку жана орто окуу жайда 60 миңдей студент билим алат. Бейрасмий маалыматтар боюнча Ошто 400дөн ашык көп кабаттуу үй бар. Калктын саны жарым миллионго чукулдайт.

Автор: Адашгүл Акматова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева