Ошто кесиптик билим алууга кызыккан жаштар көбөйүүдө

Ош облусунда 15 кесиптик лицей бар. Кесиптик окуу жайды бүтүргөндөрдүн өңчөйү жумуш менен камсыз болушарын адистер белгилешет. Бул жылы Оштогу №16 кесиптик лицейге тапшыргандардын саны 30-40 пайыз көп болгон.

Айбарчын Туратбек кызы Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейде тигүүчү адистигинде окуйт. Ал 9-класстын базасында тапшырган. Окуу жайын бүтүп бир эле учурда орто билим тууралуу күбөлүк жана диплом алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейт.

«Тигүүчүлүк кесипти тандадым. Бүткөн соң жогорку окуу жайга тапшырууну пландаштырып жатам. Жогорку билимге ээ болуп диплом алып, кара жумуш кылгандарды деле билип жүрөм. Мисалы, менин апам юридикалык жогорку окуу жайын бүткөн. Учурда жумушсуз»,-дейт Айбарчын.

Ал жаштарды кесиптик окуу жайларга тапшырууга кеңеш  берет.

Максат Жороев
Максат Жороев

Ал эми Максат Жороев ушул эле лицейдин автослесарь адистигинде окуйт. Ал окууну бүткөндөн кийин сөзсүз жумуш менен камсыз болоруна ишенет.

«Бул лицейди мага атам сунуштап, үй-бүлөм менен кеңешип тапшырганмын. Бул жерде автослесарь кесибинде окуйм. Учурда машиналар көбөйгөндүгүнө байланыштуу окууну бүткөндөн кийин жумуш табуу жеңил болот»,-дейт Максат.

 Назгүл Ахунбаева
Назгүл Ахунбаева

Ушул кесиптик лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Назгүл Ахунбаева өткөн жылга салыштырмалуу бул жылы 30-40 пайызга  көп абитуриент тапшыргандыгын айтты. Көпчүлүгү электр-газ ширетүүчү, автослесарь адистиктерин тандашкан.

«Биздин лицейге 9- жана 11-класстардын базасында тапшырышат. Аларды аттестатына карап, маектешүү аркылуу кабыл алабыз. Андан сырткары бизде колледж да бар. Окуу келишимдик төлөмү 9,5 миң сом. Биз жылына тогуздундун базасынан 500, он бирдин базасынан 180, контракттык негизде 136 студент алабыз, 9дун жана 11дин базасынан окугандарга үч убак тамак, жатакана акысыз»,-дейт Назгүл Ахунбаева.

Кесиптик лицейдин жатаканасы
Кесиптик лицейдин жатаканасы

Окуу жай жетекчилиги маалымдагандай, лицей  16 жылдан бери Германиялык эл аралык коом менен иштешип, банктын кенже менеджери жана маалымат технологиясынын менеджери адистиктери окутулат. 5 жылдан бери Германиялык Кнаф коому менен биргеликте кургак курулуш адистиги да окутулат. Өнөктөш коом атайын устакана жабдуулары, компьютерлер менен камсыздашат.

Учурда лицейдин окуу имаратында ремонт иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштерин крулуш адистигинин 1-курсунун студенттери жасап жатат.

3 оздору ремонт

Лицейде сантехник адистигинде окуган Сергей Лапушиндин айтымында 9-класстын базасында келгендер орто билим тууралуу аттестат да, диплом да алышат.

«Азыркы убакта жогорку билимдүүлөрдүн көпчүлүгү өз кесиби боюнча иштебейт. Анткени биздин өлкөдө жумуш орундары жетишсиз. Азыр жогорку билимдүүлөр кесипкөйлүгү менен эмес, тааныштары аркылуу ишке орношуп жатканы сыр эмес. Ошондуктан, учурда суроо-талап көп болгон кесип тандоо маанилүү. Келечекте акча таап, үй бүлөнү каржылоо керек»,-дейт  Сергей Лапушин

Ош облусунда жалпы 15 кесиптик лицей бар. Үчөө Ош шаарында жайгашкан.

Автор: Гүлзада Осмоналиева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева