Кикбоксинг федерациясынын жетекчиси Александр Воинов «Кабар» маалымат агенттигин сотко берүүгө ниеттенип жатат. Анын айтымында, журналисттер Кыргызстандын спортчуларынын дүйнө чемпионатына барбай калышынын себептери тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялашкан.
Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын курамасы 27-сентябрдан 7-октябрга чейин Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышышы керек болчу.
Спортчулар Стамбулга чейин учуп барышкан, андан ары алар Сан-Паулуга чейин башка учак менен учуулар керек болчу. Бирок билетке акчалары жок болгондуктан алар Бразилияга бара албай калышкан.
«Кабар» маалымат агенттиги спортчулардын Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна жазган арызынын көчүрмөсүн сайтына жарыялаган. Анда спортчулар аларга карата федерация «мыйзамга каршы аракет» жасагандыгы жазылган.
Кайрылууга ылайык, чемпионатка чогулган 13 спортчу менен бир машыктыруучуну тамактанууга жана жашап турууга акчасы жок Стамбулда калтырып коюшкан. Ошондой эле аларда Кыргызстанга кайрылып келүү үчүн билет алууга да каражаттары жок болгон.
«Азыр бизде Кыргызстанга кайтып баруубуз үчүн каражатыбыз жок, ошондой эле Стамбулда жашап турууга да акчабыз жок», — деп жазылган ал арызда.
Андан сырткары кайрылууда мелдеште катышуу үчүн бир спортчу билеттин баасын, тамактануусу жана андагы жашоосу үчүн Федерацияга 3500 АКШ долларынан төлөшү керек болгондугу жазылган.
Кайрылуунун төмөнкү жагында 14 спортчунун тең колдору коюлган. Бирок Воиновду колдоо үчүн маалымат жыйынына келишкен спортчулар алар андай документке кол койбогондуктарын билдиришти.
«Жасалма» кат
Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов журналисттер менен болгон жолугушуусунда ал кат жасалма экенин жана андагы маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.
Воинов спортчулардын Бразилиядагы тамактануусуна жана жашоосуна акча Стамбулга учканга чейин эле берилгендигин жана алардын Түркияда жашап туруусуна каражаты бар болгонун айтты.
«Бул жерде [кайрылууда] алардын жашап турууга каражаттары жок болгондугу жазылган. Аларда Түркияда 4 күн жашап турууга гана эмес Бразилияда 10 күн жашоого да акчалары бар болчу», — деди федерация президенти.
Ал бул кайрылууну ким тараткандыгын жана ал эмне үчүн керек болгондугун түшүнбөй жатканын айтты.
Воинов бул катты сайтына чыгарганы үчүн маалымат агенттикти сотко берээрин билдирди.
«Мен мыкты жактоочуларды жалдайм, “Кабарды” утуп алуу үчүн аларга акча төлөп берем», — деп билдирди ал.
Федерация президенти эгер маалымат агенттиги андан кечирим сураса ал соттошпой коюууга даяр экенин кошумчалады.
«Кабардын» башкы редактору Нурзат Усебаев алар азырынча Воиновдон кечирим сурабай тургандыктарын билдирди.
«Ал сотко бере алат, бул анын укугу», — деди ал.
Усебаев аларга спорчулардын кайрылуусун ким жөнөткөндүгүн тактап айтып берүүдөн баш тартты.
Автор: Александра Ли