Ош: Милиция имаратындагы жарылуудан кийин төрт адам ооруканага жаткырылды

Газ баллонунун жарылуусу Ош ички иштер башкармалыгынын күзөт кызматынын имаратында 6-октябрда болгон. Анын жыйынтыгында төрт адам дене күйүктөрү менен ооруканага жаткырылды. Каза болгондор жок, жарылуунун себептери боюнча азырынча маалымат берилбей эле.

Ош шаарындагы Күзөт кызматынын адистештирилген мамлекеттик башкы башкармалыгынын «Батыш» бөлүмүнүн имаратындагы жарылуу 6-октябрь күнү болжол менен саат 19:30дарда болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, имараттын ичиндеги газ баллону жарылып кеткен.

Азырынча жарылуунун так себеби белгисиз. Болжолдуу маалыматтар боюнча, окуя техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам келип чыккан.

«Ширетүү иштеринин жүрүшүндө белгисиз шарттардан улам жарылуу болгон», — деп билдиришти мекемеден.

Жыйынтыгында төрт адам – эки ширетүүчү жана эки милиция кызматкери жабырланган.

Бардыгы тең түрдүү деңгээлдеги дене күйүктөрү менен аймактык ооруканага жаткырылышты. Алардын үчөөсүнүн абалдары оор деп бааланууда. Каза болгондор жок.

Учурда Ош ИИБсинин тергөөчүлөрүнүн ыкчам тобу окуя болгон жерди карап жатышат. Жарылма-техникалык экспертиза белгиленди.

Жабырлангандардын тизмеси:

- Жуманазар Орозов, милициянын кичи лейтенанты,

- Үсөн Тагаев, милициянын улук лейтенанты,

- Розувай Якубов, Ош шаарынын жашоочусу, 1964-жылы туулган,

- Алишер Якубов, Ош шаарынын жашоочусу, 1989-жылы туулган.

Автор: Александра Ли