Согуш ардагерлеринин аллеясы кайра жаңыланды

Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин аллеясы

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы узуну 1 чакырымдай болгон аллея жыл башынан бери оңдоп-түзөлүп, шаар тургундарына пайдаланууга берилди. Согуш ардагерлеринин аллеясына калаа казынасынан канча каржы жумшалганы ачыкталган жок.  Аллеяга плита төшөлүп, жол четине отургучтар жана балдар ойной турган селкинчектер орнотулду.

Ош шаарынын тургуну Тынар айым Манас-Ата кичи районунда көп жылдан бери жашайт. Ал күндө балдарын ушул аймактагы сейил бакка ойнотуп чыгат. Сейил бактын жаңыланып кайра пайдаланууга берилгенине  ыраазы.

Тынар айым бала-чакасы менен
Тынар айым бала-чакасы менен

«Жыргап эле калдым, балдарды сейилдетүүгө ыңгайлуу  болуп калганына. Мурда мындай эмес эле. Балдарга сыймак тебе турган,  ошондой эле селкинчектер орнотулду. Баарыбызга жакшы болду»,-дейт Тынар айым.

Ал эми Барын аксакал шаарга балдарынын үйүнө келген. Бул жерде ал неберелери менен сейилдеп жүрөт.

Барын аксакал
Барын аксакал

«Кара-Кулжадан келдим. Бул сейил багыңар абдан жакты. Алгач келгенде мындай эмес эле, отура турган отургучтар деле жок болчу. Минтип, неберелеримди ээрчитип сейилдеп жатам»,-дейт  аксакал.

Манас-Ата кичи районундагы бул аллея Совет доорунда курулган. Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин аллеясы деп аталган. Мында согуш ардагерлеринин портреттери илинип турчу. Көп жылдар бою эс алуучу жай болуп турган. Быйыл жыл башында эскилиги жеткен аллеянын жолун жана чеке-белин жаңылоону жергиликтүү бийликтер убадалаган. Жакында Ош шаарынын күнүнө карата оңдоо иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин аллеясы
Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин аллеясы

Аллеянын ачылуу салтанатында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бул кичи район өндүрүш ишчилеринин аймагы болгондугун белгилеп, эми маданий борборлор да орун аларын белгиледи.

«Сиздерге кыска убакыттын ичинде эс алуу багын бүтүрүп бердик. Борбордук базарды ушул районго көчүрөлү деген тилегибиз кээ бир  бут тосулардын айынынан ишке ашпай калды. Менде жакшы  ой бар - маданий очоктордун бирин ушул жакка  көчүрсөк. Мисал ЗАГСты.Баш кошуп жаткандар ушул  сейил бакка келишсе ыңгайлуу»,-деди шаар мэри.

Мелис Мырзакматов
Мелис Мырзакматов

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров Ош шаары борбор шаардан кем калышпай турганын белгиледи.

«Мындан 4 жыл мурдагыга караганда Ош шаары бир топ өнүктү. Сырттан келгендер  шаардын өзгөрөнүнө таң калып жатышат. Буйруса  Бишкек шаарынан да кооз болот. Ошту өнүктүрүү үчүн эрк керек, бут тосуларга карабай, алдыга  койгон максаттарыбызга сиздердин колдооңуздар менен жетип жатабыз»,- деди Т.Сабиров.

Балдар үчүн селкинчектер
Балдар үчүн селкинчектер

Ош шаарында Навои жана Токтогул атындагы чоң сейил бак жана кичи райондордо он чакты аллея бар.

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева