Балыкчы-Каракол унаа жолу биротоло ачылды

Жети-Өгүз районунун жашоочулары Балыкчы-Каракол унаа жолун ачышып, үй-үйлөрүнө тарап кетишти. Алар кечээ «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Караколдо өткөн митинг маалында кармалгандардын бошотулушун талап кылып жатышкан.

Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын жашоочулары бийликтегилер кечээ Караколдогу башаламандыктан кийин кармалган 23 саруулуктун 21ин бошотоорун убадалагандан кийин алардын айылы аркылуу өткөн Балыкчы-Каракол унаа жолун ачышты.

8-октябрь күнү саруулуктар аталган жолду эки жолу – жалпысынан болжол менен беш саатка тосушкан.

Алгач жол 17:00дө ачылган, бирок дароо эле митингчилердин арасында жолду ачыш керек беле деген суроонун айланасында талаш-тартыштар башталган. Жыйынтыгында демонстранттар 17:30да жолду кайрадан тосуп, болжол менен дагы жарым сааттай жабык кармашты.

Жолдун ачылгандыгына карабастан Саруудагы нааразычылык акциясынын катышуучуларынын аракеттери боюнча башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду — алсак, бүгүн эртең менен орун алган Жети-Өгүз ИИБсинин башчысына кол салуу, прокуратура кызматкеринин унаасын өрттө жана жолду тосуу фактылары боюнча.

Саруу айылы Кыргызстандын бийлиги менен канадалык «Центерра» компаниясынын ортосундагы Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Кумтөр» алтын кенине ээлик кылуу боюнча акыркы макулдашууга нааразы болгондордун акция өткөрө турган негизги жери болуп калды.

Кечээ Караколдо өткөн митингдин катышуучуларынын көбү дал ушул айылдын жашоочулары болушкан.

Алар «Центерра» менен макулдашууда биргелешкен ишкананын акцияларынын 70 пайызы Кыргызстанга тиешелүү болгудай шарттардын коюлушун талап кылып жатышат.

Меморандумдун акыркы долбооруна ылайык, өкмөт канада тарапка биргелешкен ишкананын үлүштөрүнүн тең болушун сунуштаган, бирок ушул аптанын ичинде парламентте өкмөттүн макулдашуусунун жаңы варианты каралат – анда ишкананын акциялары 70 жана 30 пайыз болуп Кыргызстандын пайдасына бөлүнөт.

Митингдеги зомбулук

Караколдо өткөн 7-октябрдагы митинг зомбулук көрсөтүүгө чейин жетти. Демонстранттар алгач өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышып, андан соң эки жолу Ысык-Көл обладминистрациясынын имаратын басып алууга аракет кылышкан.

Экинчи жолку чабуулдун алдында милиция митингчилерди кууп таратып, Каптагаевди барымтадан бошоткон. Кийинчерээк нааразычылык акциясынын 23 катышуучусу кармалган.

Өз кезегинде бул Саруудагы бүгүнкү нааразычылык акциясына жана алар тараптан Балыкчы-Каракол унаа жолунун жабылышына алып келди.

«Кумтөр» маселеси бир жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы эң башкы маселелелердин бири болуп келүүдө.

Кыргызстандын бийлиги Караколдогу жана Саруудагы митингдерге реакция жасоо менен бирге оппозициялык күчтөргө күрөш үчүн 2015-жылдагы парламенттик шайлоону пайдаланууну сунуштады.

Өз кезегинде митингчилерди колдоп жаткан оппозиция жаңы нааразычылык акциялары болоорун убадалады. Кийинкиси Таласта, болжол менен 10-октябрга белгиленген. Аны «Каршылык көрсөтүү» кыймылы өткөрөт.

Окуянын хроникасы:

16:49 Жол ачылды. Саруу айылынын жашоочулары Балыкчы-Каракол унаа жолунан кетишти, унаа кыймылы калыбына келди. Жолду ачуу чечими кечээ кармалгандардын бошотулушу боюнча Саруунун жашоочулары менен бийликтегилердин ортосундагы сүйлөшүүлөр жөнүндөгү макулдашуудан кийин кабыл алынды.

16:40 Журналист Кундуз Сырдыбаева билдиргендей, Сарууда жол тосуп тургандардын биринин «тарамышы тырышып», ага андагы нөөмөтчү дарыгерлер жардам берип жатышат.

16:09 Журналист Кундуз Сырдыбаева Саруунун айланасында унаалар чогулуп калганын билдирүүдө.

Айылдын батыш тарабына 10дой унаа, чыгыш тарабында 20-25тей унаа чогулуп калган.

Кээ бир айдоочулар өтүп кетүүгө аракет кылып жатышат, бирок жашоочулар аларды токтотуп жатышат. Азыркыга чейин бир гана, оорулуу баланы алып бара жаткан унааны өткөрүштү.

Чогулуп калган унаалардын арасында кичи автобустар жок. Сарууга чейин барышы керек болгон адамдар маршруттук таксилерден чыгып, үйлөрүнө жөө кетип жатышат, деп билдирди Сырдыбаева.

15:57 Журналист Кундуз Сырдыбаева учурда митингчилер жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктарын билдирди.

«Азыр айылга Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучусу Беккубат Иманкожоев  келип митинг катышуучулары менен жолукту. Алар кечээ кармалган митингчилердин бошотулушун талап кылып жатышат, ошондо гана митингди токтото тургандыктарын айтышты. Азыр айылда баары жакшы, митингчилер отурат. Бийлик бир нерсе кылууга аракет кылып жатат», — деди ал.

15:39 «Эң көп дегенде 200дөй киши калды, калганы айылдын башка тарабына кетишти, айылдын ал жагы да тосулган. Митингчилер аягына чейин тура тургандыктарын айтып жатышат», — деп билдирди жергиликтүү журналист окуя болуп жаткан жерден.

15:19 Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов Kloop.kgге берген маегинде Саруу айылындагы митинг маалында жабырлангандар жок экенин билдирди.

15:16 Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытов Саруудагы абал боюнча комментарий берди.

«Биринчиден, алар меморандумдун жокко чыгарылышын, экинчиден, мыйзам бузгандардын бошотулушун талап кылып жатышат. Эгер ушинтип мыйзам бузгандарды бошото берсек кийин эмне болот? Мен бардык мыйзам бузгандар жазаланат деп ойлойм. Эгер ушундай улана бере турган болсо парламент да, укук коргоо органдары да кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык күчтөрүн жамшайт», — деди ал «Бешинчи канал» аркылуу.

15:07 Биз байланышкан АКИпресстин журналисти Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде митингчилер кээ бир ЖМК өкүлдөрүн окуя болуп жаткан жерге өткөрбөй жаткандыктарын билдирди.

«Маалыматтык порталдар жалган маалымат таратып жаткандыктан жолотпой жатышат. Ал КТРди негиз кылып жатышат. Андай эмес экенин аларга түшүндүрө албайсың», — деди журналист.

14:48 Саруу айылынын үстүндөгү тик учак, автору: Мария Колесникова, «Азаттык» радиосу:

14:40 Саруу айылында жүргөн журналист Кундуз Сырдыбаева жол тосууга 150дөй киши катышып жаткандыгын жана алар өздөрүн тынч алып жүргөндүктөрүн билдирди.

Буга чейин алар «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унааны оодарып, аны менен жолду тосуп салышкан.

Жол тосулган жерде каралжын жашыл түстөгү эки тик учак учуп жүрөт. Сырдыбаева тик учактар асманга ок атып жаткандыктары тууралуу K-News маалымат агенттигинде пайда болгон маалыматты четке какты.

Журналисттин айтымында, митингчилер Караколдо түндө кармалган 23 кишини бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган өкүлдөрүн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жөнөтүштү.

Азырынча митингчилер төмөнкү аракеттери менен коркутуп жатышат:

  • Сырдыбаеванын айтымында, аларды асманда учуп жүргөн тик учактар чочулатып, кыжырларын келитип жатат. Бир катар митингчилер эгер тик учактар кетпесе аларга карата ок чыгара тургандыктарын айтып коркутуп жатышат;
  • Эгер кечээ кармалган адамдар бошотулбаса митинг катышуучулары район борбору Кызыл-Суу айылында жайгашкан Жети-Өгүз ройондук ички иштер бөлүмүнө кол сала тургандыктарын билдирип жатышат.

14:38 ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде тик учактардан эскертүү үчүн ок атылбагандыгын билдирди.

«Тик учактар жөн эле учуп жүрүшөт. Эч кандай ок чыгарышкан жок. Бул кезектеги жалган кабар», — деп билдирди ИИМдин өкүлү.

14:25 Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Kloop.kgге берген маегинде Саруу айылындагы митингчилер ок атуучу куралдар менен куралдангандыктарын билдирди.

«Менин билишимче, алар өзүлөрү деклорациялап, курал колдонууга даяр экендиктерин билдирип жатышат», — деди ал.

13:33 Жети-Өгүздөгү демонстранттардын талаптары, булак «Азаттык»:

13:21 ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде Саруу айылынан алыс эмес жерде 150дөй киши чогулганын жана ала жолду тоскону жаткандыктарын билдирди.

«Учурда ички иштер министрлигинин кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Жети-Өгүз РИИБсинин башчысына кол салуу боюнча — эртең менен адамдар чогулуп баштаганда ал түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган. Анан ал жерде РИИБи башчысы менен митингчилердин ортосунда анча чоң эмес чырлашуу болуп кеткен. Ал меселе чечилди, ал жабыр тарткан жок», — деп билдирди Абдраимов.

Ал ошондой эле Турсунбек Акундун митингчилер РИИБи имаратын басып алууга аракет кылып жаткандыктары жөнүндөгү маалыматын четке какты.

«Жок, андай эмес. Ал чындыкка дал келбейт», — деди ИИМдин басма сөз катчысы.

13:03 Саруу айылынын жанындагы оодарылган унаанын сүрөтү:

Polnoe-krannaya-zapis-26.09.2013-115740

Сүрөттүн автору: Мария Колесникова, «Азаттык» радиосу

12:51 «Менин өкүлдөрүм — акыйкатчы Турсунбек Акундун укуктарын коргоо боюнча комитеттен – чалышты. Алар эл учурда бактарды кулатып, бензин даярдап Саруу айылындагы жолду толугу менен тосуп алгандыктарын айтышты. Спецназ район борбору Покровкада жайгашкан», — деди экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Kloop.kgге берген маегинде.

12:41 Саруу айылы. Митингчилер жолду тосуп алышып, өткөн унааларды текшерип жатышат:

Polnoe-krannaya-zapis-26.09.2013-115740

Сүрөттүн автору: Мария Колесникова, «Азыттык» радиосу

12:38 Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун 400дөй киши Саруу айылындагы жолду буугандыктарын айтып жатат.

«Адамдар Жети-Өгүз РИИБсин басып алуу үчүн Покровканы көздөй кетишти. Спецназды Караколдон Сарууну көздөй которуп жатышат, ошондуктан туруштук берүү үчүн адамдар чогулуп жатышат», — деди Акун Kloop.kgге берген маегинде.

12:20 Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин «Кумтөр» боюнча келишимди жокко чыгаруу боюнча сүйлөгөн сөздөрүнүн бири:

12:05 «Аянтта эч ким жок. Мамлекеттик администрация имаратынын жанында да милиция жок. Шаарды тазалап бүтүштү», — деди Караколдун жашоочусу Азамат Айтбаев Kloop.kgге берген маегинде.

11:57 «Кумтөрдүн» сайтына ишкананын дарегине айтылган коркутууларды токтотуу талабы менен компания кызматкерлеринин президентке, өкмөткө жана парламентке ачык кайрылуусу чыкты.

Кайрылуунун тексти:

«Кумтөр» Кыргызстанда 5 миңден ашуун үй-бүлөнү иш, татыктуу эмгек акы менен камсыз кылууда жана болочокко ишенимдүүлүк берүүдө. Биздин Компания өлкөнүн бюджетине миллиарддаган сомдорду которот жана биздин пенсонерлер пенсияларын өз убагында алуусу үчүн Соцфондго ак ниет төлөп берүүдө.

Тилекке каршы, Компания кайрадан эле саясий оюндардын предмети болуп калууда. «Кумтөрдүн» айланасында кайрадан башталган каршылык акциялары ишкананын адаттагыдай иштөөсүнө гана жолтоо болбостон, ишкананын эмгек жамаатына жана анын иш маанайына да өтө терс таасир берүүдө. Элдин атынан сүйлөп жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын жактап жатабыз дешкендер өздөрүнүн ойлонулбаган аракеттери эмнеге алып келиши мүмкүн экенин түшүнүшпөйт.

Саясатчылардын «Кумтөр» жөнүндө сүйлөгөн акыркы сөздөрүнүн баары кесипкөй эместикке суугарылган жана кырдаалды териштирүү аракетинен эмес, алдыдагы бийлик үчүн күрөштө упай топтоону каалоодон улам болууда. Дал ушул нерсе бир областтын жашоочуларынын бири-бирине каршы туруусуна алып келди.

Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жаңы долбоор боюнча биздин ишкана төлөөчү пайданын 50%ы жана ага кошумча дүң продуктыдан 14% «Кумтөр» долбоорунан Кыргызстандын экономикасына финансылык түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы мектеп окуучусуна да түшүнүктүү! Денонсация жана улутташтыруу өндүрүштүн токтоосуна, эл аралык соттордогу көп миллиарддаган доолорго алып келет жана өлкөнүн инвестициялык имиджин биротоло талкалайт.

Биз өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп келгенбиз, иштеп жатабыз жана иштей беребиз. Биз өзүм билемдикти токтотууну жана тартипке салууну талап кылабыз! Биз ишкананы токтотуу менен коркутууларды болтурбоону талап кылабыз. Сиздер «Кумтөр» ишканасында иштерди узак мезгил аралыгында токтотуу карьердеги жер көчкүлөргө жана алтын рудалуу зоналарды жоготууга алып келээрин түшүнүүгө тийишсиздер. А бул кенди иштетүү мүмкүнчүлүгүн жоготууну жана бюджетке каражат түшпөй, пенсиларсыз кала тургандыгыбызды билдирет. Биз бийликтерден жана парламенттен жоопкерчиликти талап кылабыз! Биз бүтүндөй өлкөдөгү туруктуулукту талап кылабыз!

11:53 Бул тапта Нарында да митинг өттү – анын катышуучулары «Кумтөрдөн» түшкөн кирешенин 1 пайызы Нарын облусунун өнүгүшүнө бөлүнүүсүн талап кылышты. Акыйкатчы институтунун Нарын облусу боюнча кызматкери Нурлан Данияровдун айтымында, митингге 100дөй киши катышкан.

«Митингчилер: «Бийлик, элди ойло», «Күмтөрдөн бир пайыз Нарынга» деген ураандар менен чыгышкан. Электр жарыгы үчүн төлөмдүн жогорулабашын жана «Кумтөрдөн» бир пайыз Нарын облусуна бөлүнүшүн талап кылышты. Губернатор жана башка катышуучулар сөз сүйлөштү. Алар талаптарын өкмөткө жөнөтүшүп, тынч тарап кетишти», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

11:13 Кечээ, Караколдогу мамлекеттик администрациянын имаратынын алдындагы митингден видео:

http://www.youtube.com/watch?v=D_GJxOmEqMc

11:07 Караколдогу башаламандыктар башталгандан бери президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча алгачкы пикирин билдирди. Ал укук коргоо органдарынын жетекчилерине объективдүү тергөөнү камсыз кылып жана митингдин уюштуруучулары менен катышуучуларын жоопккерчиликке тартуу тапшырмасын берди.

«Айрым топтор жана алардын артында турган саясатчылар өлкөдө өз шарты менен кызыкчылыгын таңуулоосуна жол бербеш керек. Кыргызстандагы туруктуулук менен тартипти сактоо керек», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы Атамбаевдин айткандарын.

11:02 Азыркы учурда Караколдогу кечээки митингдин 23 катышуучусу кармалды. Милиция башаламандыктарды алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Алар тынчтык митингин өткөрө тургандыктарын билдиришкен, бирок кечээ Караколго таштар, күйүүчу кошулмалар, бензин жүктөлгөн унаалар менен келишпедиби», — деди Ысык-Көл облустук ИИБсинин басма сөз катчысы.

10:54 Усубакуновдун айтымында, Ысык-Көл облусундагы милиция учурда күчөтүлгөн режимде.

10:52 Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде учурда демонстранттар Жети-Өгүз районунун Саруу айылында элди митингге чыгууга үндөп жаткандыктарын билдирди.

«Алар өз айылдарында үндөп, элди чакырып жүрүшөт. Караколдо баары тынч, ал жакта эч ким жок, эч ким үгүттөбөй эле», — деди Усубакунов.

10:49 Kloop.kgнин редакциясы Ысык-Көл облусундагы абалга көз салуусун улантууда. Жергиликтүү журналист Кундуз Сырдыбаеванын байкоосу боюнча, Караколдо азырынча тынч.

«Азырынча тынч, бирок күч түзүмдөрү имараттын алдында даярдыкта турушат. Администрациядагы иш күнү кадимкидей эле өтүп жатат. Бардыгы өз ордуларында», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Авторлор: Айшоола АйсаеваУлан МырзаАтамбаев Нурмухаммед жана Шахида Дүйшеева