Атамбаев «Кумтөрдүн» улутташтырылышына каршы чыкты

Президент Алмазбек Атамбаев «Кумтөрдүн» улутташтырылышы мүмкүн эмес экенин билдирди. Бирок ал ишкананын улутташтырылышы жана акцияларынын үлүштөрүн бөлүштүрүү боюнча чечимдерди парламент кабыл алаарын кошумчалады.

Атамбаев 9-октябрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү маселе боюнча өз позициясын биринчи жолу билдирди — ал алтын кенинин мамлекеттин менчигине өтүшүнө каршы чыкты.

«Ал жакта тобокелдик өтө көп. Элестетип көргүлө, андай чечимден улам Кыргызстан 7 миллиард сомдой каражат жоготот», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Атамбаевдин айткандарын.

Өлкө башчысы бул билдирүүсү менен бирге акыркы чечимди парламент кабыл алаарын, ал эми өкмөт менен президент ал чечимге макул болушу керектигин белгиледи.

Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын ар бири өз атынан жекече добуш беришсин деген сунуш киргизди — анын пикиринде, Кыргызстан «өз баатырларын билиши керек».

«Депутаттарга сүйлөшүүлөргө катышуу мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Жок дегенде фракция лидерлери сүйлөшүү тобуна кирсин. Мен муну колдойм, анткени алар кийин эч ким укпай койду деп чыгышпасын. Бирок, жыйынтык боюнча бул кишилер да жоопкерчиликте болушат», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы президенттин айткандарын.

Президенттин аппаратынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Kloop.kgге берген маегинде Атамбаев алтын кенинин улутташтырылышына каршы болгонун ырастады. Ал азырынча өлкө башчысынын бул билдирүүсү боюнча эч кандай комментарий бербестигин кошумчалады.

«Кумтөрдүн» айланасындагы талаш-тартыш

«Кумтөрдүн» келечектеги тагдырын талкууга алуу бир жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы эң башкы талаша турган маселелелердин бири болуп келүүдө.

Оппозиция алтын кенинин улутташтырылышын көптөн бери талап кылып келет. Бүгүнкү күндө ага канадалык «Центерра Голд» компаниясы ээлик кылат, анын акцияларынын бир бөлүгү Кыргызстанга таандык.

Бир нече жолку нааразычылык акциясынан кийин өкмөт – үстүбүздөгү жылдын жай айларында – «Кумтөр» боюнча меморандумдун жаңы версиясын сунуштаган. Ага ылайык, Кыргызстан «Центерре Голддогу» акцияларынан баш тартып, жаңы түзүлгөн ишкананын акцияларынын жарымына ээ болмок.

Бирок бул вариант оппозицияны ынаандырган жок, алар Кыргызстан жаңы түзүлгөн ишкананын акцияларынын 70 пайызына ээ болушу керек деген талапты коюп жатышат.

Акыркы күндөрү Ысык-Көл облусундагы митингчилер менен милициянын кагылышына жана өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн барымтага алынышына алып келген нааразычылык акцияларынан кийин «Кумтөр» жөнүндөгү талаш-тартыштар кайрадан алдынкы планга чыкты.