«Жашылдар париясынын» лидери Эркин Бөлөкбаев менен 10 тарапташы милиция тарабынан «Кумтөрдүн» улутташтырылышы үчүн Ысык-Көл облусунда өткөн митинг маалында кармалгандарды колдоо акциясын уюштуруу аракетинен кийин Ала-Тоо аянтында кармалышты.
«Жашылдар партиясынын» шаардык штабынын төрагасы Александр Толмачёв Kloop.kgге берген маегинде алардын партиясынын лидери тарабынан «Кумтөр» алтын кени боюнча «тынчтык» митинги даярдалгандыгын билдирди.
Анын айтымында, 9-октябрь күнү күндүз Ала-Тоо аянтындагы парламент имаратынын жанына 11 киши чогулган, андан соң аларды милиция кармап кеткен.
«Аянтта туруп сүйлөшүп атышкан, ошол учурда болжол менен 30дай милиционер келип күч менен унаага түртүп киргизип, Биринчи май райондук ИИБсине алып кетип калышты. [...]Биз жайгаштыруу үчүн плакаттарыбызды да чыгара элек болчубуз», — деди Толмачёв Kloop.kgге берген маегинде.
Ал Бөлөкбаев менен партиянын мүчөлөрү эч «себепсиз» кармалды деп эсептейт. Айтымында, аларга азыркыга чейин айып тагыла элек.
«Аларды 10:20да кармап кетишкен, а азыр бир болду, балдар дагы деле ал жакта. [...] Бизди ал жакка кое бербей жатышат, мына журналисттер да келишти эч кимди киргизишкен жок. Ал жакта эмне болуп жаткандыгы түшүнүксүз, балдар дагы деле РИИБи имаратында», — деп билдирди Толмачёв.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аларга Бөлөкбаев менен анын тарапташтарынын кармалгандыгы боюнча маалымат келип түшө электигин билдирди.
Kloop.kg Биринчи май райондук ИИБси менен байланыша алган жок.
Митинг «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн нааразычылык акциясынын 7-октябрь күнү Караколдо кармалган уюштуруучуларын колдоо максатында өтүшү керек болчу.
Жалпысынан, Ысык-Көл облусунун борбору Караколдо 23 киши кармалган, учурда алардын бардыгы тең Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкектеги тергөө абагында камакта.
Ысык-Көлдөгү митинг фактысы боюнча кылмыш кодексинин беренелеринде каралган адамды барымтага алуу жана бийлик өкүлүнө кол салуу жөнүндөгү кылмыш белгилери менен эки кылмыш иши козголгон.
Буга акциянын катаал мүнөзү себеп болгон — 7-октябрда митинг катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди 4 саатка барымтага алышкан, ал эми 8-октябрь күнү Саруу айылында жергиликтүү прокуратура кызматкеринин унаасын өрттөп жиберишкен.
Андан сырткары Караколдогу митингчилер 7-октябрь күнү кечинде Ысык-Көл обладминистрациясын басып алуу аракетинен кийин милиция менен тирешүүгө барышкан.
«Кумтөрдүн» улутташтырылышы үчүн чыгып жаткандар Кыргызстан алтын кенин башкаруу үчүн түзүлүшү керек болгон жаңы ишкананын эң аз дегенде 70 пайызына ээлик кылышы керек деген талапты коюп жатышат.
Азыркы учурда өкмөт менен «Кумтөрдүн» дагы бир ээси — канадалык «Центерра Голд» компаниясы — ээлик кылуу үчүн акциялардын үлүшүн тең бөлүшүү жөнүндө болжолдуу макулдашууга келишти.
Автор: Шахида Дүйшеева