Жалал-Абаддын борборундагы жарылуудан төрт адам жабыркады

Жалал-Абаддын борбордук базарындагы жарылуу 9-октябрь күнү эртең менен болгон. Милициянын маалыматы боюнча, жарылууга газ баллону себеп болгон. Анын жыйынтыгында төрт адам жабыркады, учурда алардын абалдары «оор» деп бааланууда.

Милиция бүгүн эртең мененки Жалал-Абаддын борборундагы жарылуу базардагы соода жайларынын бириндеги газ баллонунун бузуктугунан улам келип чыккан болушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Мэриянын жанында базар бар, ал базарда гриль жасай турган жай бар. Ошолордун газ баллону жарылып кеткен», — деди Жалал-Абад ИИБсинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жарылуудан төрт адам жабыркаган.

«Анда төрт адам жабырланганын айтып жатышат, аларды ооруканага алып кетишти», — деди Сусунбаев.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгерлери Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маектеринде жабыркагандар алардын ооруканасына жеткирилгендигин ырасташты.

Травматология бөлүмүнүн дарыгеринин айтымында, учурда жабыркагандардын абалдары «оор» деп бааланып жатат.

«Алар ис газы менен ууланып, денелери күйгөн. Абалдары оор», — деди дарыгер.

Жарылуу болжол менен саат 9:40тарда болгон.

Учурда кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам кызматынын жумушчулары иштеп жатышат.

Автор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Нурбек Жолборсов