Велосипед ижарага алышып, шамал менен жарышып

Ош шаарында эки орундуу велосипед менен сейилдөө көпчүлүк жаштардын бүйүрүн кызытууда. Үйлөнүү сапары менен жүргөн күйөө-колуктулар да велосипед минип, романтикалуу сүрөттөргө түшүүнү адатка айлантууда.

Бош убактысын велосипед тебүү менен өткөргөн Ош шаарынын тургуну Мирлан күндө Ош мэриянын жанындагы аянтка келет. Мында эки орундуу велосипеддер ижарага берилет. Бул чөлкөмдө велосипед тебүү ыңгайлуу жана коопсуз экенин айтат.

3

«Мен бош убакыт табыла калса эле мында келип, аянтты велосипед менен айланып турам. Кечкисин жаштар толуп кетет. Үлпөт тоюнда сейилдөөгө чыккан жубайлар да велосипед тебишет. Кыз-жигиттерди да бул жерден кезиктирүүгө болот»,-деди Мирлан.

Эки орундуу велосипедди ижарага алып тебүү кызык жана арзанга да түшөрүн айтат шаар тургуну Гүлзар Осмонали кызы.

«Бул тууралуу алгач угуп, досторум болуп келгенбиз. Эки орундуу велосипеддин ижара акысы да чөнтөккө ылайыктуу экен. Отургучтары гана бир аз ыңгайсызыраак болбосо, калганы баары жакты», - дейт Гүлзар.

Ош шаарына бир жана эки орундук велосипеддерди алып келип, ижарага берип иштетүү идеясы Ош мамлекеттик университетинин студенти Нурсултан Абдиманап уулуна тиешелүү. Ал түштүк борборунда велосипедди ижарага алып тебүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам шаардыктарга маданий, эстетикалык ырахат тартуулоону максаттаган.

«Бул идеямды долбоор кылып сунуштап, утуп алгам. Ошто мындай велосипедден 11 даана бар. Маал-маалы менен желдеп турабыз. Транспорт жок аянтчада кеңири сейилдөөгө мүмкүн. Ижара акысы саатына 150 сом, 1 айлампасы 20 сом. Абдан ыңгайлуу, жаштар, кыз-жигиттер, күйөө-колуктулар да мында тебишет»,- деди Нурсултан.

1

Азырынча бул Ош шаарында велосипедди ижарага алып тебүүчү жалгыз гана аянтча. Борбор калаа Бишкекте жана башка ири шаарларда кеңири жайылтылган.

Эң алгачкылардан болуп 1898-жылы Микаэль Педерсен эки орундуу велосипедди патенттеген.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр Дастан Үмөттегиндики

Редактор: Гүлзат Газиева