Бишкек: Милиционерге кол салган кызга каршы кылмыш иши козголду

Укук коргоо органдары 10-октябрга караган түнү супермаркетте милиционерди моюн жагына бир нече жолу уруп, көйнөгүн жыртып салган бишкектик кызды кармашты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган кызга карата «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ички иштер башкармалыгы кызды «Народный» дүкөндөр тармагынын биринен коопсуздук кызматынын өкүлү менен айтыша кеткен учурда кармагандыктарын билдирди.

«Болжолдуу түрдө мас абалында болгон кыз жолдошу менен уруша кетип, спирт ичимдигин алуу үчүн «Народный» дүкөнүнө келген. Ал жактан дүкөндүн коопсуздук кызматкери менен айтышып, урушуп кеткен», — деп билдирүүдө мекеме.

Бишкек ШИИБисинин маалыматы боюнча, окуя болгон жерге милициянын атайын түнкү кызматкерлери барган кезде ал кызматкерлердин бирине  «жулунуп» кол салган.

«Тартипти сактоо жөнүндөгү эскертүүгө Б. Ж. атуу жаран агрессивдүү мамилесин билдирип, милиция кызматкерине жулунуп, анын көйнөгүн жыртуу менен моюн жагына бир нече жолу сокку узаткан», — деп жазылган ШИИБинин пресс-релизинде.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайда камакта.

Кылмыш кодексине ылайык, укук коргоо органына кол салган адам жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү билдиргендей, иш сотко 10-октябрда жөнөтүлүшү керек болчу.

Бул акыркы айдын ичинде Бишкекте милиция кызматкерлерине кол салуу болгон алгачкы учур эмес.

5-октябрда эки белгисиз адам Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил багында милиционерлердин коомдук жайда спирт ичимдиктерин ичүүгө болбой тургандыгы жөнүндө айткан эскертүүсүнөн кийин укук коргоо кызматкерлерине кол салышкан.

Алар ошол эле күнү кармалышып, «Бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бирок юрист Нурбек Тотакуновдун айтымында, Кыргызстанда укук коргоо органдары аталган беренени колдонуу менен кызмат абалынан кыянат пайдаланган учурлар көп кездешет.

«[Милиционерлер] кызмат абалын пайдаланып кыянаттык кылышат, мындай учурлар көп эле болот. Бирок андайда адамдар кол салбастан өз укуктарын билүүлөрү керек: күбөлүгүн сурап андан кийин аларга даттануулары керек. Ырааттуулук менен иштөө керек», — деди юрист Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Иллюстрацияланган сүрөт