Оппозициялык «Каршылык көрсөтүү» кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев Таластагы митингди өткөрүүгө ошол маалда башталган жамгыр менен «бийлик тарабынан жасалган басым» тоскоолдук кылганын билдирди.
Суваналиев Kloop.kgге берген маегинде Таластагы митингдин үзгүлтүккө учурашынын себептеринин бири катары акцияга катыша турган адамдарга карата жасалган басым болгонун билдирди.
«Бийликтин биздин кишилер келе турган жер-жерлердеги иши тууралуу чынын айтыш керек. Алар баары менен сүйлөшүшүп, бул жерде бийликти басып алуу болоорун, спецназ келээрин айтып маалыматтык басым жасашкан. Көпчүлүгү корккондорунан келе албай тургандыктарын айтышты», — деди ал.
Суваналиев митингдин болбой калышынын экинчи себеби катары дал ошол маалда башталган жамгырды атады.
«Биз аппаратура бузулат деп токтоттук, анткени биз аларды ижарага алганбыз да», — деди ал.
Таластагы митингдин катышуучуларынын саны боюнча маалыматтар ар түрдүү болуп, бири-бирине дал келбей жатат.
Митингдин уюштуруучулары Таластын стадионуна 1500дөй киши чогулганын билдирип жатса, жергиликтүү бийлик менен күбөлөр катышуучулардын саны 500дөн көп болбогонун айтып жатышат.
Митингге чейин «Каршылык көрсөтүү» кыймылы Таласта 7 миң киши чогулта тургандыгын билдирген болчу.
«Митингди үзгүлтүккө учуратуу болгон эмес»
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы Нурхам Токторбаев Kloop.kgге берген маегинде Суваналиевдин митингди үзгүлтүккө учуратууга «даярдыктар» болгондугу тууралуу айткандарын четке какты.
«Мен тараптан митингди үзгүлтүккө учуратуу жана аны жаманатты кылуу боюнча эч кандай даярдыктар болбогондугуна ишендире алам», — деди Токторбаев.
Митинг 10-октябрь күнү Талас шаарынын стадионунда өттү.
Акциянын катышуучуларынын негизги талаптары президентти сырткы саясатты аныктоо укугунан ажыратуу, укук коргоо жана сот системаларын саясаттан сырткаркы органга айлантуу, Жерүй алтын кенин иштетүүгө мораторий жарыялоо, УКМК башчысын кызматтан кетирүү жана КСДПны парламенттеги оппозицияга кетирүү болгон.
Таластагы митинг «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Ысык-Көл облусундагы нааразычылык акцияларынан кийин болду. Каракол шаарында жана Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өткөн ал митингдерде анын катышуучулары менен милициянын ортосунда кагылышуулар болгон.