Кыргызстандын расмий эмес курамасы Кувейттен келген атаандаштарына каршы жолдоштук беттеште 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Кыргызстандын командасында өлкөнүн жарандыгын алып жаткан эки чет элдик оюнчу ойногондуктан беттеш ФИФА тараптан таанылбайт жана анын жыйынтыгы эсепке алынбайт.
Кыргызстан курамасы беттештин бешинчи мүнөтүндө эле алдыга суурулуп чыкты — Мирлан Мурзаевдин айып белгисинен узаткан тобу коргоочулардын тосмосунан өтүп, аны Валерий Кичин жөндөп алган соң атаандашынын дарбазасына таамай туштай алды.
45-мүнөттө Кувейт курамасынын оюнчусу Хамад Аль-Харби топту атайылап беттеш калысына тепкендиги үчүн оюндан четтетилди.
Он оюнчусу менен калган кувейттиктер беттиштин экинчи жарым бөлүгүндө Кыргызстан курамасына каршы эч нерсе кыла алышкан жок.
59-мүнөттө Кичин атаандашынын айып талаасынан эки коргоочуну жазгырып өтүп, таамай соккусу менен топту кувейттиктердин дарбазанын төмөнкү оң бурчуна узатып эсепти 2:0гө жеткирди.
Беттиштин 62-мүнөтүндө Мурзаев дагы топ киргизди — ал айып аянтчасынан алган топту атаандашынын дарбазасынын жогорку бурчуна таамай туштады.
Бишкектеги Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бул беттиш Эл аралык футбол ассоциациясы (ФИФА) тарабынан эсептелбейт, анткени Кыргызстан командасынын курамында жаңы гана өлкө жарандыгын алып жаткан жана команда үчүн расмий түрдө оюн көрсөтө албаган эки чет элдик футболчу ойноду.
Ганалык Даниэл Тэго менен азербайжандык Ильгар Набиевдер 2014-жылы боло турган АФКнын Чакыруу кубогунда Кыргызстандын атынан оюн көрсөтүү үчүн өлкөнүн жарандыгын алганы жатышат.
Беттештин алдында Кыргызстан курамасынын футболчулары оюн талаасына белгисиз адамдар тарабынан Алматынын көчөлөрүнүн биринде сабалган кыргызстандык футболчу Эмиль Кенжесариевдин сүрөтү тартылган майкаларды кийип чыгышты. Ал азыркы күнгө чейин дарылануудан өтүп жатат жана мындан ары карьерасын уланта албайт көрүнөт.
Татыктуу жеңиш
Кыргызстан 15-октябрда Бишкекте коңшу Тажикстан курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт — бул жолкусунда оюн ФИФА тарабынан таанылат жана беттештин жыйынтыгы кураманын дүйнөлүк рейтингине таасирин тийгизет.
Беттештен кийин Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков командасынын оюнуна ыраазы экенин билдирди.
«Команда бүгүн жакшы оюн көрсөттү жана татыктуу жеңишке жетти. Бул Валерий Кичиндин гана эмгеги эмес. Ал албетте бүгүн жакшы ойноду, анткени анын өнөктөштөрү да мыкты оюн көрсөтүштү», — деди ал оюндай кийинки маалымат жыйынында.
Бишкекке улуттук командасынын экинчи курамын алып келген Кувейт курамасынын машыктыруучусу Али Аль-Шаммари беттештин жүрүшүндө анын оюнчулары жеңишке жетүүгө тоскоолдук кылган бир нече олуттуу каталарды кетиргенин мойнуна алды.
«Биринчи ката — бул тез аранын ичинде биздин дарбазага киргизилген гол. Экинчиси — биздин команданын курамындагы футболчунун оюндан чыгарылышы», — деди Аль-Шаммари.
Жылдын секириги
Бул жылы Кыргызстан курамасы 2014-жылы Мальдив аралдарында өтө туррган АФКнын Чакыруу кубогунун финалдык бөлүгүнө даярдануунун алкагында буга чейин болуп көрбөгөндөй сандагы жолдоштук беттештерди өткөрүп жатат.
Кыргызстан бул мелдештин фаворити болуп эсептелет жана анда жеңишке жетүүсү толук мүмкүн. Эгер команда жеңишке жете турган болсо ал команданын тарыхта биринчи жолу Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө өтүүсүнө жол ачат.
Кыргызстан 2013-жылдын жазында Чакыруу кубогунун тандап алуу бөлүгүндөгү үч оюнунда тең жеңишке жеткен, андан соң бир нече расмий жана расмий эмес жолдоштук беттештерди өткөргөн болчу.
Алардын арасында команданын Эстония курамасына каршы оюну бар, ал Кыргызстандын европалык командаларга каршы болгон беттештериндеги эң алгачкы тең чыгуу эсеби болду.
Команданын 2013-жылдагы ийгиликтери анын ФИФАнын рейтингиндеги алган ордуна да таасирин тийгизбей койгон жок.
Эгер жылдын башында Кыргызстан курамасы ФИФАнын рейтингинде 207 команданын ичинен 201-орунда болсо, бүгүнкү күндө ал жылдын эң мыкты секиригин жасап 144-орунга чейин көтөрүлдү.
Авторлор: Шерзод Бабакулов жана Бейшеналиев Тилек