ӨКМ Бишкектеги ири өрттү өчүрүүдөгү «шалакылыгын» четке кагып жатат

ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы күрөшүү кызматы өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүгө суусу жок келишкендигин жана күйүп кеткен дүкөндүн сатуучуларынан бут кийим сурагандыктарын билдирген күбөнүн айткандарын четке какты.

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бишкектин борборундагы өрттү өчүрүүгө күбө болгон адамдын айткандарын четке какты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алдындагы Өрткө каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нуржан Осмоналиев Роман деген ат менен катталган интернет колдонуучунун билдирүүсүн «болбогон сөз» деп атады.

10-октябрь күнү Бишкектин борборунда чыккан ири өрттүн күбөсү болгон Роман Kloop.kgнин редакциясына өрт өчүрүүчү унаалардын бири көпкө кечигип жана суусу жок келгенин, ошондой эле эки өрт өчүрүү кызматкери күйүп кеткен дүкөндүн сатуучусунан сактап калууга үлгүргөн бут кийимдерди сурагандыктарын билдирген болчу.

Осмоналиев буга жооп катары алгачкы өрт өчүрүү унаасы Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишине чакыруудан 16 мүнөт өткөндөн кийин келгендигин билдирди.

Ал өрт өчүрүүчүлөр өрт болуп жаткан жерге эч качан суусу жок барбай тургандыктарын айтып, ынандырууга аракет кылды.

«Өрт өчүрүүчүлөр суусу жок келишкен деген билдирүүлөр — бул чынын айтканда болбогон сөз да. Өрт өчүрүү унаалары эч качан суусу жок турбайт. Шаарды мындай кой айылдарда да турушпайт», — деди Осмоналиев Kloop.kgге берген маегинде.

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы күбө өрт өчүрүү унаасындагы суунун тез эле түгөнүп калышын анын суусу жок келгениндей түшүнүп калган болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Өрт өчүрүү унаасындагы үч тонна суу болгону беш мүнөттө эле түгөнүп калат», — деп түшүндүрдү ал.

Осмоналиев мындай учурларда сууну чачуу токтоп калбашы үчүн өрт өчүрүү унаалары жакын жердеги суучорголорго туташтырылышы керектигин билдирди.

«Күйүп жаткан кытай кафесинин так алдына суучоргосун орнотушуп, сууну ошол жактан сордуруп алышкан. Экинчи суучоргосу бир аз төмөнүрөөк — Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган», — деди Осмоналиев.

Эч ким бут кийим сураган эмес

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы эки өрт өчүрүүчүнүн «суу болуп калган берцилеринин» ордуна күйүп кеткен дүкөндөн бут кийим сурагандыктары жөнүндө айтылган билдирүүлөрдү толугу менен четке какты.

«Чынын айтканда өрт өчүрүүчүлөрдүн кимдир бирөөнө барып өтүк суроодон башкага да убактылары жок болгон. Экинчиден, биздин өрт өчүрүүчүлөр берцы кийишпейт, алар узун өтүктөр менен жүрүшөт», — деди ал.

10-октябрь күнү кечинде башталган өрт акыркы жылдарда Бишкекте катталган өрттөрдүн эң чоңу болду, ал болжол менен 1 миң чарчы метр аянтка жайылган.

Өрттөн улам Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн түштүк-батыш бурчунда жайгашкан бир нече анча чоң эмес имарат күйүп кеткен, каза болгондор жана жабырлангандар жок.

Күйүп кеткен имараттардын бири турак үй болгон, калгандарында дүкөндөр, күрөөканалар, акча алмаштыруу жайлары жана башка уюмдар жайгашкан.

Авторлор: Бектур Искендер жана Александра Ли